Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Ѳкмѳтγнγн

2015-жылдын 7- апрели № 201

токтомдун редакциясына ылайык

кγчγн жоготту

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2009-жылдын 9-октябры № 632

«Социалдык чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгегине акы төлөө шарттары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 7-декабрындагы № 561 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 29-июнундагы № 295 «Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин системасынын кызматкерлеринин айрым категорияларынын тарифтик ставкасынын өлчөмдөрүн жогорулатуу жөнүндө» Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. «Социалдык чөйрөнүн кызматкерлеринин эмгегине акы төлөө шарттары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 7-декабрындагы № 561 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

- 1-пункттун төртүнчү абзацындагы жана 3-пункттун экинчи абзацындагы «жана социалдык коргоо» деген сөздөр алып салынсын;

- 1-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

«- Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин системасынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө үчүн бирдиктүү тарифтик торчо ушул токтомдун № 4 тиркемесине ылайык.»;

- 3-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

«2009-жылдын 1-октябрынан тартып Бирдиктүү тарифтик торчонун төмөнкүдөй биринчи разряды белгиленсин:

- 1035 сом өлчөмүндө интернат-үйлөрдүн жана социалдык тейлөө боюнча борборлордун кызматчыларына;

- 1380 сом өлчөмүндө социалдык кызматкерлерге.»;

- № 3 тиркеменин эскертүүсү «жана социалдык коргоо» деген сөздөр менен толукталсын;

- ушул токтомдун тиркемесине ылайык № 4 тиркеме менен толукталсын.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жаңы өлчөмдөрдө Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин системасынын кызматкерлеринин айрым категорияларына эмгек акы төлөөгө каражаттарды өз убагында каржылоону камсыз кылсын.

3. Бул токтом 2009-жылдын 1-октябрынан тартып күчүнө кирет.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

И. Чудинов

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 9-октябрындагы № 632 токтомуна тиркеме

 

 

«Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 7-декабрындагы № 561 токтомуна № 4 тиркеме

 

Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин системасынын кызматкерлерине эмгек акы төлөө үчүн БИРДИКТҮҮ ТАРИФТИК ТОРЧО

 

№

Разряддар

1

2

3

4

5

6

7

Коэффициенттер

1

1,24

1,48

1,73

1,98

2,22

2,47

Тарифтик ставка

1380

1711

2042

2387

2732

3064

3409

1.

Интернат үйлөрдүн жана социалдык тейлөө боюнча борборлордун жетекчилери

 

 

 

X

X

X

X

2.

Уюмдун ичиндеги подразделениелердин жетекчилери

 

 

 

X

X

X

X

3.

Жогорку билими бар адистер:

жогорку квалификациялык категориялуу;

 

 

 

 

 

 

X

1-квалификациялык категория;

 

 

 

 

 X

 

 X

 

 X

 

2-квалификациялык категория;

 

 

 

 X

 

 X

 

 X

 

 X

 

категориясы жок

 

 

 

 X

 X

 X

 X

4.

Атайын орто билими бар адистер:

жогорку квалификациялык категориялуу;

 

 

 

 

 

 X

 X

1-квалификациялык категория;

 

 

 

 X

 X

 X

 

2-квалификациялык категория;

 

 

 X

 X

 X

 

 

 

категориясы жок

 

 

 X

 X

 

 

 

5.

Администрациялык-чарбалык подразделениелердин кызматкерлери

 

 

 X

 X

 X

 X

 

6.

Документтерди даярдоо жана тариздөө, документтерди эсепке алуу жана аткарылышын контролдоо иштерин жүргүзүүчу техникалык аткаруучулар

 

 X  

 X

 

 X

 X

 

 

 

7.

Эмгектин нормалдуу шарттары менен иштеген жумушчулар

 X

 X

 

 

 

 

 

8.

Айдоочулар

 

 

 X

 X

 X

 X

 X

 

 8

 9

 10

 11

 12

 13

 14

 

2,72

 2,96

 3,21

 3,46

 3,71

 3,95

 4,2

 

3754

 4085

 4430

 4775

 5120

 5451

 5796

 

 X

 X

 X

 X

 X

 X

 X

 

 X

 X

 X

 X

 X

 X

 

 

 X

 X

 X

 X

 X

 

 

 

 X

 X

 X

 X

 

 

 

 

 X

 X

 X

 

 

 

 

 

 X

 X

 

 

 

 

 

 

 X