Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2009-жылдын 22-декабры № 795
Жеңилдиктердин ордуна ай сайынкы акчалай компенсация төлөө жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-октябрындагы № 687, 2013-жылдын 17-майындагы № 274, 2016-жылдын 27-апрелиндеги № 217, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335, 2023-жылдын 23-майындагы № 269 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 13-ноябрындагы № 511 "Энергия булактарына тариф саясатынын өзгөрүшүнө байланыштуу жарандардын айрым категорияларына акчалай компенсацияларды төлөп берүү жөнүндө" Жарлыгын аткаруу үчүн, ошондой эле энергия булактарына тарифтер өзгөргөн шартта республиканын калкына даректүү социалдык колдоо системасын оптималдаштыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Жарандардын айрым категорияларына жеңилдиктердин ордуна акчалай компенсациялардын өлчөмдөрү 1-тиркемеге ылайык белгиленсин.
2. Жеңилдиктердин ордуна ай сайынкы акчалай компенсацияларды чектөөнүн тартиби жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
(Экинчи абзац КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 17-майындагы № 274 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 17-майындагы № 274 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- ай сайынкы акчалай компенсациялар керектүү өлчөмдө, республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен өз убагында каржыланышын камсыздасын;
- бюджеттик уюмдардын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкерлеринин эмгек акыларын энергия булактарына тарифтер өзгөргөнүнө жана жеңилдиктердин жоюлганына жараша жогорулатуу маселесин карасын;
- (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 17-майындагы № 274 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 17-майындагы № 274 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги "Аскер кызматчыларын пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык күч структураларынын жана ички иштер органдарынын пенсионерлерине чектелчү пенсиялардын өлчөмдөрүн 2010-жылдын 1-январынан баштап жогорулатууну караштырган нормативдик укуктук актынын долбоорун 2009-жылдын 25-декабрына чейин иштеп чыгышсын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизишсин.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-апрелиндеги № 217 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ушул токтому менен бекитилген Жеңилдиктердин ордуна ай сайынкы акчалай компенсацияларды чектөөнүн тартиби жөнүндө жобого ылайык 2010-жылдын 1-январынан баштап жеңилдиктердин ордуна ай сайынкы акчалай компенсацияларды төлөсүн;
- жергиликтүү мамлекеттик администрациялар менен бирдикте эл арасында жеңилдиктерди берүүнүн колдонулуп жаткан системасындагы өзгөртүүлөр жөнүндө түшүндүрүү иштерин такай негизде жүргүзсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-октябрындагы № 687, 2013-жылдын 17-майындагы № 274 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
6. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар эмгекке жараксыз жарандарга жана аз камсыз үй-бүлөлөргө жергиликтүү бюджеттердин эсебинен ар кыл түрдөгү кошумча социалдык колдоо көрсөтүү сунушталсын.
7. Бишкек, Ош шаарларынын, облустук маанидеги шаарлардын мэрияларына, ошондой эле республиканын башка шаарларынын жана поселокторунун шаардык жана поселоктук өкмөттөрүнө төмөнкүлөр сунушталсын:
- калктын жан башына орточо кирешеси 5 миң сомго чейинки социалдык жактан аялуу катмарларына айрыкча жаратылыш газына жана жылуулук энергияга акы төлөөдө жергиликтүү бюджеттердин эсебинен акчалай компенсацияларды же турак жайлык субсидияларды берүү жолу менен социалдык колдоо көрсөтүү;
- жеңилдиктерди берүүнүн колдонулуп жаткан системасы реформаланганына байланыштуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.
8. Кыргызстан Республикасынын Министрлер кабинетинин 1992-жылдын 16-январындагы № 14 "Республиканын граждандарынын айрым категорияларына коомдук пайдалануудагы жүргүнчүлөрдү ташуучу транспортто жүрүүгө берилген жеңилдиктерди алып салуу жөнүндөгү" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ички иштер, улуттук коопсуздук жана жазык-аткаруу системасынын органдарынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык шаардык транспорттун бардык түрлөрүндө (таксиден жана маршруттук таксиден башкасында), ал эми айыл жеринде - жалпы пайдалануудагы автомобиль транспортто (таксиден жана маршруттук таксиден башкасында) акысыз жүрүү каралган кызматкерлеринин жол акысын төлөөгө каражатты жыл сайын караштырсын.";
- жогоруда аталган токтомдун 3 жана 4-тиркемелери күчүн жоготту деп эсептелсин.
9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 22-февралындагы № 79 "Кыргыз Республикасынын Чернобыль кырсыгынан жабыркаган граждандарын социалдык коргоо жөнүндө" Мыйзамын ишке ашыруу тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1, 2 жана 3-пункттарындагы "жеңилдиктер" деген сөз "социалдык гарантиялар жана компенсациялар" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 4-пунктунун төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-августундагы № 363 "Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик гарантиялар программасы жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик гарантиялар программасына ылайык акысыз текшерүү жана медициналык жардам көрсөтүү (стационарда жана амбулаториялык)";
- 5-пунктунун экинчи абзацы алып салынсын;
- 6 жана 8-пункттарындагы ар кандай жөндөмөлөрдөгү "Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык коргоо министрлиги" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөдө "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттиги" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 6-пунктундагы "жеңилдиктер" деген сөз "социалдык гарантиялар жана компенсациялар" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Чернобыль кырсыгынан жабыркаган граждандарына жеңилдиктерди берүү жөнүндө жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
аталышындагы "жеңилдиктер" деген сөз "социалдык гарантиялар жана компенсациялар" деген сөздөргө алмаштырылсын;
преамбуласындагы "турак жай-тиричиликтик, медициналык тейлөө, социалдык камсыздандыруу боюнча жана башка жеңилдиктер берилет, ошондой эле Чернобыль кырсыгынан жабыркап ден соолугуна зыян келген адамдарга жана багуучусунан айрылган үй-бүлөлөргө компенсацияларды төлөө" деген сөздөр "социалдык гарантиялар жана компенсациялар" деген сөздөргө алмаштырылсын;
6-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитүүчү өлчөмдөрдө жана тартипте компенсацияларды төлөө.";
- 8-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8. Медициналык көрсөткүчтөр боюнча протездик-ортопедиялык буюмдар менен, жана жети жылда бир жолу өздүк жүрүү каражаты - майыптык кресло-коляска менен акысыз камсыздоо.";
8.1, 8.2 жана 8.3-пункттар күчүн жоготту деп эсептелсин;
9, 10 жана 12-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"9. Компенсацияларды төлөө республикалык бюджеттин каражатынын эсебинен, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитүүчү өлчөмдөрдө жана тартипте каржыланат.
10. Көмөкчү же фермердик чарба уюштуруу үчүн эсептик көрсөткүчтүн суммасынын 25 эсе өлчөмүндөгү процентсиз ссуда алуу жергиликтүү бюджеттин эсебинен каржыланат.
12. Социалдык гарантияларды жана компенсацияларды берүү жашаган жери боюнча социалдык коргоо органдары тарабынан ишке ашырылат.".
10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 28-сентябрындагы № 401 "Саясий жана диний ынанымы, социалдык, улуттук жана башка белгиси боюнча куугунтуктан жапа чегип, акталган граждандардын укугу жана гарантиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Саясый репрессиялардын кесепетинен жабыркаган адамдарга ай сайынкы жана бир жолку акчалай компенсацияларды берүү жана төлөө боюнча чыгымдар республикалык бюджеттин каражатынын эсебинен каржыланаары белгиленсин";
- 3 жана 4-пункттарындагы ар кандай жөндөмөлөрдөгү "Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөлөрдө "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттиги" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 3-пунктундагы "жана жеңилдиктерди берүү" деген сөздөр алып салынсын;
- 6 жана 7-пункттарындагы "жеңилдиктер" деген сөздөр "социалдык гарантиялар жана компенсациялар" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 8 жана 9-пункттары күчүн жоготту деп эсептелсин;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жеңилдиктерге укук жөнүндө күбөлүктүн үлгүсүндө:
аталышындагы жана үчүнчү абзацындагы "жеңилдиктер" деген сөздөр "социалдык гарантиялар жана компенсациялар" деген сөздөргө алмаштырылсын;
бешинчи-он экинчи абзацтары алып салынсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Саясий жана диний ынанымы, социалдык, улуттук жана башка белгиси боюнча куугунтуктан жапа чегип, акталган граждандардын укуктарын калыбына келтирүү тартиби жөнүндө жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
бүткүл тексти боюнча "жеңилдиктер" деген сөздөр "социалдык гарантиялар жана компенсациялар" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 4-пунктундагы "Улуттук коопсуздук министрлиги" деген сөздөр "Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы" деген сөздөргө, "Бишкек шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусу" деген сөздөр "Бишкек шаарынын мэриясы" деген сөздөргө алмаштырылсын;
5-пунктунун а) пунктчасында, 8-пунктунун биринчи жана экинчи абзацтарында, 11-пунктунда "жардам" деген сөз "коргоо" деген сөзгө алмаштырылсын;
8-пунктунун биринчи абзацындагы "жана санаториялык-курорттук жолдомо берүү" деген сөздөр алып салынсын;
13-пункттун экинчи жана төртүнчү абзацтары алып салынсын;
14-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"14. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун каражаттарынын эсебинен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-августундагы № 363 "Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик гарантиялар программасы жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик гарантиялар программасынын алкагындагы медициналык тейлөө каржыланат.";
15-пунктундагы "майыптарга" деген сөз "ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга" деген сөздөргө алмаштырылсын.
11. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
12. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 15-апрелиндеги № 170 "Улуу Ата-Мекендик согуштун жана эмгектин ардагерлерине 9-майга карата ар жылкы бир жолку акчалай пособие төлөө жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 2-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын министрликтери жана администрациялык ведомстволору" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттиги" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 3-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык коргоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук министрлиги жана Кыргыз Республикасынын байланыш министрлиги" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттиги жана Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 4-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык коргоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук министрлиги, Кыргыз Республикасынын байланыш министрлиги" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттиги, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Улуу Ата-Мекендик согуштун жана эмгектин ардагерлерине 9-майга карата ар жылкы бир жолку акчалай пособие төлөө жөнүндө жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Бир жолку акчалай пособиени жашаган жери боюнча райондук, шаардык социалдык коргоо башкармалары "Кыргызпочтасы" мамлекеттик ишканасынын райондук, шаардык филиалдары аркылуу төлөшөт";
- 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Бир жолку акчалай пособие төлөөнүн тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттиги жана Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги аныкташат.
Бир жолку акчалай пособие жыл сайын 1-июлга чейин төлөнөт. Бир жолку акчалай пособие төлөө аяктаганда тизмелер Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттигинин райондук, шаардык социалдык коргоо башкармаларында жана "Кыргызпочтасы" мамлекеттик ишканасынын райондук, шаардык филиалдарында такай сакталууга тийиш.
Бир жолку акчалай пособие төлөнгөнү жөнүндө маалыматтарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттиги жана Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жер-жерлерден келген төлөө жөнүндө маалыматтардын негизинде өтүп жаткан жылдын 15-июлуна карата Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине беришет.";
- 5-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык коргоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук министрлиги алар берген эсептөөлөргө жараша" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттиги берилген эсептөөлөргө жараша" деген сөздөргө алмаштырылсын.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-апрелиндеги № 217 токтомунун редакциясына ылайык)
13. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1996-жылдын 31-июлундагы № 348 "Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана ооруктагы эмгекчилер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- преамбуласындагы жана бүткүл текстиндеги "жеңилдиктер жана гарантиялар" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөлөрдө "социалдык гарантиялар жана компенсациялар" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттиги Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маданият мамлекеттик агенттиги менен бирдикте "Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана ооруктагы эмгекчилер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген социалдык гарантиялар жана компенсациялар толук көлөмдө берилишин ишке ашырсын.";
- 2-пунктунун экинчи абзацындагы "жеңилдиктер" деген сөз "компенсациялар" деген сөзгө, "кызматтары" деген сөз "органдары" деген сөзгө алмаштырылсын;
- 2 жана 16-пункттарындагы ар кандай жөндөмөлөрдөгү "Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөдө "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттиги" деген сөздөргө алмаштырылсын.
14. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
15. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 26-сентябрындагы № 560 "Дары-дармек каражаттары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган токтомдун 2-пункту жана аталган токтом менен бекитилген Калктын угуу жана тиш протездери акысыз жасалуу категорияларынын тизмеси күчүн жоготту деп эсептелсин.
16. (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 23-майындагы № 269 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
17. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 31-майындагы № 395 "2006-2010-жылдарга Майыптарды мамлекеттик колдоонун комплекстүү чараларын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- аталышында жана бүткүл тексти боюнча "майыптар" деген сөз тийиштүү жөндөмөдө "ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 2 жана 3-пункттарындагы "Эмгек жана социалдык жактан коргоо министрлигине" жана "Эмгек жана социалдык коргоо министрлиги" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөдө "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттиги" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген 2006-2010-жылдарга Майыптарды мамлекеттик колдоонун комплекстүү чараларына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- аталышында жана бүткүл тексти боюнча "майыптар" деген сөз тийиштүү жөндөмөдө "ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 9-пунктундагы "аткаруу мөөнөтү" деген графадагы "2007" деген сан "2010" деген санга алмаштырылсын;
- бүткүл тексти боюнча "Жооптуу аткаруучулар" деген графадагы "Эмгексоцмин" жана "Экономфинмин" деген сөздөр "Соцкамсыздоо агенттиги" жана "Финмин" деген сөздөргө алмаштырылсын.
18. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп эсептелсин:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 24-январындагы № 33 "Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарына жана аларга теңештирилген башка адамдарга берилүүчү бензинге, оңдоого, техникалык жактан тейлөөгө жана транспорттук тейлөөгө компенсациялык чыгымдардын өлчөмүн өзгөртүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 30-июнундагы № 392 "Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарына жабдыктары менен ат жана тийиштүү араба транспорт берүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 13-сентябрындагы № 498 "Майыптарды колдоонун Улуттук программасын ишке ашыруу боюнча Иш чараларынын планын бекитүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 10-декабрындагы № 677 "Улуу Ата мекендик согуштун майыптарына жабдыгы менен ат жана ат-араба берүүнүн тартиби тууралуу Жобону бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 30-июнундагы № 392 токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 8-майындагы № 218 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 30-июнундагы № 392 "Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарына жабдыктары жана тийиштүү унаа каражаты менен жумушчу аттарды берүүнүн тартиби жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 10-декабрындагы № 780 "Улуу Ата мекендик согуш майыптарынын жылып жүрүүчү каражаттарды алуусуна керектүү медициналык көрсөтмөлөрдүн Тизмесин бекитүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 12-мартындагы № 137 "Согуштун, Куралдуу Күчтөрдүн ардагерлери жана ооруктун эмгекчилери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 17-апрелиндеги № 223 "Катуу отун (көмүр) үчүн жарандардын жеңилдик берилген категорияларына акчалай компенсация төлөө жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 27-майындагы № 310 "Жарандардын жеңилдик берилген категорияларына медикаменттер үчүн акчалай компенсацияларды төлөө жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 4-июлундагы № 408 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 10-октябрындагы № 641 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 12-апрелиндеги № 269 "Кыргыз Республикасынын Президентинин "Чернобыль АЭСиндеги жана башка ядролук объекттердеги кыйроолордун кесепетинен жабыр тартышкан адамдарды социалдык колдоонун кошумча чаралары жөнүндө" 2006-жылдын 6-апрелиндеги Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 24-июнундагы № 535 "Турак жай-коммуналдык кызматтарга жана энергия булактарына акы төлөөгө акчалай компенсацияларды төлөө жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 3-августундагы № 558 "Айыл жерлеринде жашаган Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарына ат жана ат-арабанын ордуна акчалай компенсация төлөөнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 23-августундагы № 605 "Кыргыз Республикасында социалдык жеңилдиктерди берүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 11-майындагы № 161 "Автомобиль транспортунда жол кире акысын төлөөгө жарандардын айрым категорияларына акчалай компенсацияларды төлөө жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 16-майындагы № 177 "Жарандардын жеңилдик берилген категорияларына медикаменттер үчүн акчалай компенсацияларды төлөө жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 27-майындагы № 310 токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 11-июлундагы № 268 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 13-декабрындагы № 588 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 24-июлундагы № 535 "Турак жай-коммуналдык кызматтарга жана энергия булактарына акы төлөөгө акчалай компенсацияларды төлөө жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-октябрындагы № 645 "Кыргыз Республикасынын Ардактуу донорлоруна жеңилдиктерди берүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 1 жана 2-пункттары.
19. Бул токтом 2010-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирет.
20. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
21. (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 17-майындагы № 274 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| Д.Үсөнов |
1-тиркеме
Жеңилдиктердин ордуна ай сайынкы акчалай компенсациялардын ӨЛЧӨМДӨРҮ
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-октябрындагы № 687, 2013-жылдын 17-майындагы № 274 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
№ | Компенсацияга укуктуу жарандардын категориялары | Бир айдагы акчалай компенсациялардын өлчөмү (сом менен) |
1 | Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары | 7000 |
2 | Улуу Ата Мекендик согуштун майыптары | 7000 |
3 | Согуштагы эрдиги үчүн сыйланган Советтер Союзунун Баатырлары жана Кыргыз Республикасынын Баатырлары, жана согуштагы эрдиги үчүн Даңк орденинин бардык үч даражасы менен сыйланган адамдар | 7000 |
4 | Концлагерлердин мурдагы жашы жетпеген туткундары | 7000 |
5 | "За оборону Ленинграда" медалы жана "Жителю блокадного Ленинграда" белгиси менен сыйланган адамдар | 7000 |
6 | Башка мамлекеттердин аймактарындагы согуштарда жаракат алган майып аскер кызматчылар | 7000 |
7 | Аскер кызматчылардын ичинен СССРди коргоодо же башка мезгилдерде аскердик кызматтын башка милдеттерин аткарууда алган жараттын, контузиянын, мертинүүнүн же оорунун кесепетинен майып болуп калган адамдар | 7000 |
8 | Башка мамлекеттердин аймактарындагы согуштук аракеттердин катышуучулары | 6000 |
9 | Чернобыль АЭСтеги авариянын кесепетинен жабыркаган майыптар жана нур оорусуна кабылган жана ооруган адамдар | 7000 |
10 | 1986-1987-жылдарда Чернобыль АЭСтеги авариянын кесепетин жоюу боюнча жумуштарга катышкан адамдар | 2500 |
11 | Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында ооруктагы кайратман эмгеги жана кынтыксыз аскердик кызматы үчүн СССРдин ордендери жана медалдары менен сыйланган, майыптык топко кирген адамдар | 2000 |
12 | Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында жумушчу колонналарга (эмгек армиясына) мыйзамсыз мажбурлап мобилизациялоого дуушарланган жана кийин реабилитацияланган жарандар | 2000 |
13 | Саясый жана диний ишеними, социалдык, улуттук жана башка белгилери боюнча репрессиянын кесепетинен жабыркап, реабилитацияланган жарандар | 1500 |
14 | 1988-1989-жылдарда Чернобыль АЭСтеги авариянын кесепетин жоюу боюнча жумуштарга катышкан адамдар | 1000 |
15 | Чернобыль АЭСтеги авариянын кесепетинен курман болгондордун, нур оорусунун кесепетинен өлгөндөрдүн, каза болгон майыптарынын жана каза болгон 1986-1987-жылдардагы катышуучуларынын үй-бүлөлөрү | 1000 |
16 | Чернобыль апаатынын кесепетинен радиацияга дуушарланган ата-энелерде генетикалык өзгөрүүлөр болушунан улам тукум кубалаган оорусу жана аномалиясы бар биринчи жана кийинки эки муундагы балдар | 1000 |
17 | Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында ооруктагы кайратман эмгеги жана кынтыксыз аскердик кызматы үчүн СССРдин ордендери жана медалдары менен сыйланган, майыптык топко кирбеген адамдар | 1000 |
18 | Улуу Ата Мекендик согушта курман болгон аскер кызматчылардын үй-бүлөлөрү | 1000 |
19 | Аскердик кызматтын милдеттерин аткарууда курман болгон аскер кызматчылардын үй-бүлөлөрү | 1000 |
20 | Кызматтык милдеттерин же кызматтык парзын аткарууга байланыштуу курман болгон, ошондой эле кызмат өтөө мезгилинде алган жараттын, мертинүүнүн, оорунун кесепетинен кызматтан бошонгондон кийин каза болгон ички иштер органдарынын кызматкерлеринин үй-бүлөлөрү | 1000 |
21 | Улуу Ата Мекендик согуштун каза болгон майыптарынын кайрадан никеге турбаган жесирлери (жесилдери) | 1000 |
22 | Улуу Ата Мекендик согуштун каза болгон катышуучуларынын кайрадан никеге турбаган жесирлери (жесилдери) | 1000 |
23 | "За оборону Ленинграда" медалы жана "Жителю блокадного Ленинграда" белгиси менен сыйланган каза болгон адамдардын майып деп табылган, кайрадан никеге турбаган жесирлери (жесилдери) | 1000 |
24 | "Кыргыз Республикасынын ардактуу донору" төш белгиси менен сыйланган адамдар | 1000 |
25 | Көрүүсү жана угуусу боюнча бала кезинен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген (майыптуулуктун биринчи жана экинчи тобундагы) адамдарга |
|
2-тиркеме
Жеңилдиктердин ордуна ай сайынкы акчалай компенсацияларды чектөөнүн тартиби жөнүндө ЖОБО
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-октябрындагы № 577 , 2023-жылдын 26-декабрындагы № 713 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо жеңилдиктердин ордуна ай сайынкы акчалай компенсацияларды дайындоо тартибин карайт.
2. Бул Жобонун колдонулушу Кыргыз Республикасынын жарандарына, ошондой эле Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (мындан ары - КМШ) мүчө мамлекеттердин эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан дайындалуучу жеңилдиктердин ордуна акчалай компенсацияларды берүү маселелери боюнча мамлекеттер аралык макулдашууларына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдерге ылайык КМШга мүчө мамлекеттердин жарандарына жайылтылат.
2-глава. Жеңилдиктердин ордуна ай сайынкы акчалай компенсация алуу укугу
3. Жеңилдиктердин ордуна ай сайынкы акчалай компенсацияга (мындан ары - ай сайынкы компенсация) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 13-ноябрындагы № 511 "Энергия булактарына тариф саясатынын өзгөрүшүнө байланыштуу жарандардын айрым категорияларына акчалай компенсацияларды төлөп берүү жөнүндө ''Жарлыгы менен белгиленген өлчөмдөрдө жарандардын айрым категориялары укуктуу.
4. Ай сайынкы компенсация алуучулардын ар бир категориясы үчүн компенсация алуучунун жашаган жерине (шаар - айыл) карабастан ай сайынкы компенсациянын бирдиктүү белгиленген өлчөмү белгиленет.
5. Ай сайынкы компенсация карылар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн социалдык стационардык (мамлекеттик бюджеттен каржылануучу) мекемелерде жашаган ай сайынкы компенсацияга укуктуу адамдарга толук көлөмдө төлөнөт.
6. Бир нече негиз боюнча ай сайынкы компенсацияга укуктуу адамдарга ай сайынкы компенсация алуу үчүн бир гана негизди тандоо укугу берилет.
7. Ушул Жобонун 8-пунктунда көрсөтүлгөн адамдарды кошпогондо, көрүүсү боюнча III топтогу жана "жалпы оорудан" көрүүсү боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын, 18 жашка чейинки курактагы ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү (көрүүсү, угуусу боюнча) балдардын ай сайынкы компенсацияга укугу жок.
8. Эгерде ушул Жобонун 7-пунктунда көрсөтүлгөн категориядагы жарандар эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрүндө (мындан ары - аймактык бөлүмдөр) 2013-жылдын 21-майына чейинки мезгилде эсепте турса, алардын төмөнкүлөр үчүн ай сайынкы компенсация алуу укугу сакталат:
1) көрүүсү боюнча III топтогу жана "жалпы оорудан" көрүүсү боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар - майыптыктын мөөнөтү аяктаганга чейин;
2) ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдар (көрүүсү, угуусу боюнча) - 18 жашка толгонго чейин.
3-глава. Ай сайынкы компенсацияны дайындоо үчүн керектүү документтер
9. Ай сайынкы компенсацияны дайындоого арыз жашаган/жүргөн жерине карабастан, арыз ээсинин кайрылган жери боюнча аймактык бөлүмгө эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган бекиткен форма боюнча берилет. Ошол эле учурда арыз ээсинин жеке идентификациялык номери болушу керек.
Ай сайынкы компенсация дайындоого арыз Электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы аркылуу электрондук түрдө да берилиши мүмкүн.
10. Ай сайынкы компенсация дайындоо жөнүндө арыз ушул Жобонун тиркемесинде каралган маалыматтар болгон жана документтер/маалымкаттар берилген шартта каралат.
Ошол эле учурда мамлекеттик органдардан ай сайынкы компенсация дайындалууга тийиш болгон арыз ээси жөнүндө маалыматтарды суроо "Түндүк" электрондук ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү системасы аркылуу жүзөгө ашырылат.
Эгерде мамлекеттик органдардын маалымат системаларында ай сайынкы компенсация алуу укугуна ээ арыз ээсинин статусун ырастоочу электрондук маалыматтар жок болсо, аймактык бөлүм арыз ээсине ушул Жобонун тиркемесинде каралган тизмекке ылайык документтерди/маалымкаттарды кагаз жүзүндө берүү зарылдыгы жөнүндө маалымдайт.
11. Документтердин көчүрмөлөрү милдеттүү түрдө түп нускалар менен салыштырылат жана аларды идентификациялоо (түп нускаларга ылайыктыгы) фактысын ырастап, аймактык бөлүмдүн адиси тарабынан визаланат, аймактык бөлүмдүн гербдүү мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.
12. Ай сайынкы компенсацияны дайындоого арызды каттоо аймактык бөлүмдөрдө алуучунун статусун ырастаган колдонуу мөөнөтү жарактуу документтердин толук топтому болгондо гана жүргүзүлөт.
13. Эгерде ай сайынкы компенсация дайындалууга тийиш болгон адам жашы жете элек же аракетке жөндөмсүз болсо, ай сайынкы компенсацияны дайындоо жөнүндө арыз анын ата-энесинин (асырап алуучулардын, камкорчулардын/көзөмөлчүлөрдүн) бири тарабынан берилет.
14. Эгерде арыз ээси же анын үй-бүлө мүчөсү ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адам болсо (мындан ары - ДМЧА), анда ай сайынкы компенсацияны дайындоо үчүн арыз ээсинин же анын үй-бүлө мүчөсүнүн майыптыгы, майыптыгынын мөөнөтү жөнүндө ырастоочу документтер аймактык бөлүм тарабынан Медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын (мындан ары - МСЭК) маалыматтар базасы аркылуу Социалдык жардамдын корпоративдик маалыматтык тутумунун жардамы менен суралат. МСЭКтин маалымат базасынан алынган майыптыгы жөнүндө маалыматтар басып чыгарылат жана өздүк көктөмөгө тиркелет. МСЭКтин маалыматтар базасында ДМЧА тууралуу маалыматтар жок болгон учурда МСЭКтен кагаз жүзүндө маалымкат талап кылынат, ал өздүк көктөмөгө тиркелет.
15. Ай сайынкы компенсация алуучулар документтерди жаңылоо үчүн тиешелүү мамлекеттик органдарга өз убагында, төмөнкү документтердин колдонуу мөөнөттөрү аяктаганга чейин кайрылууга тийиш:
1) майыптыгын кайра күбөлөндүрүү;
11) паспорт;
2) Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепетин жоюунун катышуучусунун 18 жашка чейинки курактагы баласына берилген Республикалык ведомстволор аралык эксперттик кеңештин алдындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык-дозиметриялык каттоонун райондук деңгээлдеги каттоосунун маалымкаты;
3) жашап туруу укугу.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 26-декабрындагы № 713 токтомунун редакциясына ылайык)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2009-жылдын 22-декабры № 795
Жеңилдиктердин ордуна ай сайынкы акчалай компенсация төлөө жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-октябрындагы № 687, 2013-жылдын 17-майындагы № 274, 2016-жылдын 27-апрелиндеги № 217, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335, 2023-жылдын 23-майындагы № 269, 2025-жылдын 29-майындагы № 290 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 13-ноябрындагы № 511 "Энергия булактарына тариф саясатынын өзгөрүшүнө байланыштуу жарандардын айрым категорияларына акчалай компенсацияларды төлөп берүү жөнүндө" Жарлыгын аткаруу үчүн, ошондой эле энергия булактарына тарифтер өзгөргөн шартта республиканын калкына даректүү социалдык колдоо системасын оптималдаштыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 29-майындагы № 290 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 29-майындагы № 290 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 29-майындагы № 290 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 29-майындагы № 290 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 29-майындагы № 290 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 29-майындагы № 290 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
7. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 29-майындагы № 290 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
8. Кыргызстан Республикасынын Министрлер кабинетинин 1992-жылдын 16-январындагы № 14 "Республиканын граждандарынын айрым категорияларына коомдук пайдалануудагы жүргүнчүлөрдү ташуучу транспортто жүрүүгө берилген жеңилдиктерди алып салуу жөнүндөгү" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ички иштер, улуттук коопсуздук жана жазык-аткаруу системасынын органдарынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык шаардык транспорттун бардык түрлөрүндө (таксиден жана маршруттук таксиден башкасында), ал эми айыл жеринде - жалпы пайдалануудагы автомобиль транспортто (таксиден жана маршруттук таксиден башкасында) акысыз жүрүү каралган кызматкерлеринин жол акысын төлөөгө каражатты жыл сайын караштырсын.";
- жогоруда аталган токтомдун 3 жана 4-тиркемелери күчүн жоготту деп эсептелсин.
9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 22-февралындагы № 79 "Кыргыз Республикасынын Чернобыль кырсыгынан жабыркаган граждандарын социалдык коргоо жөнүндө" Мыйзамын ишке ашыруу тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: