Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2009-жылдын 22-декабры № 795
Жеңилдиктердин ордуна ай сайынкы акчалай компенсация төлөө жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-октябрындагы № 687, 2013-жылдын 17-майындагы № 274, 2016-жылдын 27-апрелиндеги № 217, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335, 2023-жылдын 23-майындагы № 269, 2025-жылдын 29-майындагы № 290 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 13-ноябрындагы № 511 "Энергия булактарына тариф саясатынын өзгөрүшүнө байланыштуу жарандардын айрым категорияларына акчалай компенсацияларды төлөп берүү жөнүндө" Жарлыгын аткаруу үчүн, ошондой эле энергия булактарына тарифтер өзгөргөн шартта республиканын калкына даректүү социалдык колдоо системасын оптималдаштыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 29-майындагы № 290 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
2. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 29-майындагы № 290 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 29-майындагы № 290 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 29-майындагы № 290 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 29-майындагы № 290 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 29-майындагы № 290 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
7. (КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 29-майындагы № 290 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
8. Кыргызстан Республикасынын Министрлер кабинетинин 1992-жылдын 16-январындагы № 14 "Республиканын граждандарынын айрым категорияларына коомдук пайдалануудагы жүргүнчүлөрдү ташуучу транспортто жүрүүгө берилген жеңилдиктерди алып салуу жөнүндөгү" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 2-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ички иштер, улуттук коопсуздук жана жазык-аткаруу системасынын органдарынын Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык шаардык транспорттун бардык түрлөрүндө (таксиден жана маршруттук таксиден башкасында), ал эми айыл жеринде - жалпы пайдалануудагы автомобиль транспортто (таксиден жана маршруттук таксиден башкасында) акысыз жүрүү каралган кызматкерлеринин жол акысын төлөөгө каражатты жыл сайын караштырсын.";
- жогоруда аталган токтомдун 3 жана 4-тиркемелери күчүн жоготту деп эсептелсин.
9. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1994-жылдын 22-февралындагы № 79 "Кыргыз Республикасынын Чернобыль кырсыгынан жабыркаган граждандарын социалдык коргоо жөнүндө" Мыйзамын ишке ашыруу тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1, 2 жана 3-пункттарындагы "жеңилдиктер" деген сөз "социалдык гарантиялар жана компенсациялар" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 4-пунктунун төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 24-августундагы № 363 "Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик гарантиялар программасы жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жарандарын медициналык-санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик гарантиялар программасына ылайык акысыз текшерүү жана медициналык жардам көрсөтүү (стационарда жана амбулаториялык)";
- 5-пунктунун экинчи абзацы алып салынсын;
- 6 жана 8-пункттарындагы ар кандай жөндөмөлөрдөгү "Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык коргоо министрлиги" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөдө "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык камсыз кылуу мамлекеттик агенттиги" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 6-пунктундагы "жеңилдиктер" деген сөз "социалдык гарантиялар жана компенсациялар" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Чернобыль кырсыгынан жабыркаган граждандарына жеңилдиктерди берүү жөнүндө жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
аталышындагы "жеңилдиктер" деген сөз "социалдык гарантиялар жана компенсациялар" деген сөздөргө алмаштырылсын;
преамбуласындагы "турак жай-тиричиликтик, медициналык тейлөө, социалдык камсыздандыруу боюнча жана башка жеңилдиктер берилет, ошондой эле Чернобыль кырсыгынан жабыркап ден соолугуна зыян келген адамдарга жана багуучусунан айрылган үй-бүлөлөргө компенсацияларды төлөө" деген сөздөр "социалдык гарантиялар жана компенсациялар" деген сөздөргө алмаштырылсын;
6-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекитүүчү өлчөмдөрдө жана тартипте компенсацияларды төлөө.";
- 8-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8. Медициналык көрсөткүчтөр боюнча протездик-ортопедиялык буюмдар менен, жана жети жылда бир жолу өздүк жүрүү каражаты - майыптык кресло-коляска менен акысыз камсыздоо.";