Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 22-февралындагы № 143 токтомунун редакциясына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2009-жылдын 19-октябрындагы № 656

«2008-2012-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү программасы жөнүндө»  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 17-сентябрындагы № 518 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду  киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Президенти Кыргызстандын элине кайрылуусунда койгон жана калган мамлекеттик менчик объекттерди менчиктештирүүнү ылдамдатууга багытталган маселелерди ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. «2008-2012-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү программасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 17-сентябрындагы № 518 токтому менен бекитилген 2008-2012-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү программасына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

- «Кыргыз Республикасы үчүн стратегиялык мааниге ээ объекттерди менчиктештирү ү» деген 5-бөлүмдө:

биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«Магистралдык темир жолдорду, магистралдык газ түтүктөрүн, улуттук электр тармактарын, гидроэлектр станцияларды (Нарын гидроэлектр станциялар каскадын) менчиктештирүү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан бекитилүүчү программаларга ылайык жүргүзүлөт.»;

төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

«Кыргыз Республикасынын стратегиялык объекттерин менчиктештирүү методу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен белгиленет.»;

- аталган программага «Мамлекеттин менчигинде калууга тийиш болгон объекттердин тизмеси» деген № 1 тиркеменин «Объекттердин аталышы» деген экинчи графа «, Борбордук лаборатория» МИси» деген сөздөр менен толукталсын;

- аталган программага «Акциялардын мамлекеттик пакетин жана мамлекеттик үлүштү белгиленген тартипте сатуу жолу менен менчиктештирилчү акционердик коомдордун тизмеси» деген № 3 тиркемеде:

төртүнчү графанын аталышы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«Мамлекеттик менчиктеги акциялардын саны, уставдык капиталдагы мамлекеттик үлүш (%)»;

«Бишкек шаары» деген бөлүмдө:

- 1-пунктундагы «37,665» деген цифралар «48,006» деген цифраларга алмаштырылсын;

- 12-пунктундагы «93,340» деген цифралар «93,430» деген цифраларга алмаштырылсын;

- 13-пунктундагы «2,560» деген цифралар «2,6» деген цифраларга алмаштырылсын;

- 14-пунктундагы «65,400» деген цифралар «65,500» деген цифраларга алмаштырылсын;

«Чүй облусу» деген бөлүмдө:

- 18-пунктундагы «0,370» деген цифралар «0,377» деген цифраларга алмаштырылсын;

- бөлүм төмөнкүдөй мазмундагы 18-1, 18-2-пункттар менен толукталсын:

«

18 -1

«Кыргыз-кытай кагаз фабрикасы» ААК

1000,000

 72,500

18 -2

«Китлап» ЖЧК

 7287,080

 61,000

«Талас облусу» деген бөлүмдө:

- 19-пункт күчүн жоготту деп табылсын;

- 21-пунктундагы «72,610» деген цифралар «74,610» деген цифраларга алмаштырылсын;

- төмөнкүдөй мазмундагы 21-1-пункт менен толукталсын:

21 -1

«Тунгуч» ААК

 65,760

 2,100

«Жалал-Абад облусу» деген бөлүм төмөнкүдөй 31-1-пункт менен толукталсын:

31 -1

«Минтеке ТТ» көчмө механикалаштырылган колоннасы» ЖЧК

 1234,000

 100

«Баткен облусу» деген бөлүм төмөнкүдөй мазмундагы 35-1-пункт менен толукталсын: »

35 -1

«Алмалы» ААК

 1537,612

 70,310

«Белгиленген тартипте мамлекеттен ажыратылуучу  жана менчиктештирилүүчү объекттердин тизмеси» деген № 4 тиркемеде:

«Маданият жана спорт объекттери» деген бөлүмдөгү 6, 22, 31, 32-пункттар күчүн жоготту деп табылсын;

«Саламаттык сактоо объекттери» деген бөлүмдөгү 53-пункт күчүн жоготту деп табылсын;

«Башка объекттер» деген бөлүмдөгү 93, 94, 98, 129, 163, 204-пункттар күчүн жоготту деп табылсын;

«Курорттук-рекреациялык тейлөө жана туризм объекттери» деген бөлүм төмөнкүдөй мазмундагы 45-1 - 45-4-пункттар менен толукталсын:

45 -1

«Жылуу булак» санаторий-профилакториясы, Кой-Таш айылы, Аламүдүн району

«Электр станциялары» ААК

45 -2

Ден соолук чыңдоо лагеринин мүлктүк комплекс коттеджи, Булан-Сөгөттү айылы, Ысык-Көл району

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы

45 -3

Пансионат, Ынтымак айылы, Түп району

«Күрмөнтү цемент» ААК

45 -4

«Ысык-Көл Аврора» санаторийи Булан-Сөгөттү айылы, Ысык-Көл району

Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгы