Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 711 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-мартындагы №134 токтомуна 2 тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн тарбия иштери органдарынын жетекчилеринин ведомство аралык комитети жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
2. Комитеттин курамы
3. Комитеттин функциялары
4. Комитеттин укуктары
5. Комитеттин ишин уюштуруу
6. Комитеттин төрагасы жана анын орун басары
7. Комитеттин катчысы
1.1. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн тарбия иштери органдарынын жетекчилеринин ведомство аралык комитети (мындан ары - Комитет) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 29-июнундагы "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн өздүк курамына жана аскерге чакырууга чейинки жаштарга тарбия берүү Концепциясы жөнүндө" № 296 Жарлыгын (мындан ары - Тарбия берүү концепциясы), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 8-декабрындагы "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн өздүк курамына жана аскерге чакырууга чейинки жаштарга тарбия берүү концепциясын ишке ашыруу жөнүндө" № 742 токтомун ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын ишмердүүлүгүн координациялоо үчүн дайындалган коллегиялык орган болуп саналат.
1.2. Комитет өзүнүн ишмердүүлүгүндө Конституцияны, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын башка нормативдик-укуктук актыларын, Тарбиялоо концепциясын жана Өтүү программасын, ушул Жобону, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын биргелешкен буйруктарын жана директиваларын жетекчиликке алат.
2.1. Комитет, Комитеттин төрагасынан, Комитеттин төрагасынын орун басарынан жана Комитеттин мүчөлөрүнөн турат.
2.2. Комитетте биринчи, Кыргыз Республикасынын Коргоо министринин орун басары, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын (Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички аскерлери, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматы, Мамлекеттик күзөт кызматы, Жазаларды аткаруунун мамлекеттик кызматы, Мамлекеттик чек ара кызматы) жетекчилеринин калган орун басарлары кезеги боюнча 1 жыл мөөнөтүнө төрагалык кылышат.