Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 711 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2010-жылдын 5-марты №134
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн тарбия иштери органдарынын жетекчилеринин ведомство аралык комитети жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-апрелиндеги № 217 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 29-июнундагы "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн өздүк курамына жана аскерге чакырууга чейинки жаштарга тарбия берүү Концепциясы жөнүндө" 269 Жарлыгын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 8-декабрындагы "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн өздүк курамына жана аскерге чакырууга чейинки жаштарга тарбия берүү концепциясын ишке ашыруу жөнүндө" №742 токтомун ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн тарбия иштери органдарынын жетекчилеринин ведомство аралык комитети түзүлсүн (1-тиркеме).
2. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн тарбия иштери органдарынын жетекчилеринин ведомство аралык комитети жөнүндө Жобо бекитилсин (2-тиркеме).
3. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн тарбия иштери органдарынын жетекчилеринин ведомство аралык комитети жогоруда аталган Жобого ылайык өзүнүн ишин уюштурсун.
4. 2021-жылдын 1-январына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн, башка аскердик түзүлүштөрүнүн жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарынын жетекчилерине Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 29-июнундагы "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн өздүк курамына жана аскерге чакырууга чейинки жаштарга тарбия берүү Концепциясы жөнүндө" N 296 Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 8-декабрындагы "Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн өздүк курамына жана аскерге чакырууга чейинки жаштарга тарбия берүү концепциясын ишке ашыруу жөнүндө" N 742 токтомун, жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн тарбия иш органдарынын жетекчилеринин ведомство аралык комитетинин ишмердүүлүгүн уюштуруу үчүн биргелешкен буйруктарды жана директиваларды чыгаруу укугу берилсин.
5. Министерстволор, аткаруу бийлигинин башка органдары жана жергиликтүү өзүн башкаруу органдары Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн тарбия иштери органдарынын жетекчилеринин ведомство аралык комитетинин ишине жардам көргөзсүн.
6. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн тарбия иштери органдарынын жетекчилеринин ведомство аралык комитетинин ишмердүүлүгү үчүн жалпы жетекчилик Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабына жүктөлсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-апрелиндеги № 217 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетине жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабына жүктөлсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-апрелиндеги № 217 токтомунун редакциясына ылайык)