Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 334 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

2007-жылдын 8-октябры № 454

Кыргыз Республикасынын Азык-түлүк коопсуздугу боюнча кеңешин  түзүү жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-мартындагы N 94, 2008-жылдын 9-июлундагы N 369 2009-жылдын 27-июнундагы N 416, 2010-жылдын 13-октябрындагы N 242, 2011-жылдын 1-июнундагы N 277, 2012-жылдын 12-январындагы № 31, 2012-жылдын 29-декабрындагы № 871, 2015-жылдын 28-сентябры № 665, 2017-жылдын 28-сентябрындагы № 617 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Калкты биринчи керектелүүчү азык-түлүк товарлар менен камсыздоо жана азык-түлүк рыногундагы абалды турукташтыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкү курамда Кыргыз Республикасынын Азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу боюнча кеңеши түзүлсүн:

Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри, Кеңештин төрагасы;

Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри, Кеңештин төрагасынын орун басары;

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри, Кеңештин төрагасынын орун басары.

Кеңештин мүчөлөрү:

Кыргыз Республикасынын экономика министри;

Кыргыз Республикасынын финансы министри;

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри;

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысы;