КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 236 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2010-жылдын 19-марты № 163
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин ченемдеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 1-мартындагы № 158,2012-жылдын 11-июнундагы № 393, 2014-жылдын 2-июлундагы № 365, 2020-жылдын 23-январындагы № 25 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 327 жана 330-беренелерин ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- Башка маалымат булактарынан салык кызматынын органдары тарабынан алынган документалдык маалыматтарын жана мүлк объектилерин функционалдык дайындоосу жана/же салык базасынын таралуусу жана/же мүлккө болгон укугу каттоодон өтпөгөн учурда мүлк объектилеринин аянтын жана дубалдардын материалдарын, басымдуулук кылган дубалдын материалын, мүлк объектилеринин тармактык таандыгын аныктоо (функционалдык дайындоо) тартиби;
- Ички күйүүчү кыймылдаткычы жана учеттук баасы жок 4-топтун мүлк объектилеринин баасын аныктоо тартиби;
- I жана II топтогу майыптар коомунун, Кыргызстандын азиздер жана дүлөйлөр коомунун уюмдарынын, мында майыптар, азиздер жана дүлөйлөр иштегендердин жалпы санынын 50 пайызынан кем эмесин түзгөн жана алардын эмгек акысы жалпы эмгек акы төлөө фондусунун 50 пайызынан кем эмесин түзгөн уюмдардын жана жазык-аткаруу системаларындагы уюмдар жана ишканалардын мүлккө карай салык салууга кирбеген тизмеси;
- (абзац КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 23-январындагы № 25 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 23-январындагы № 25 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Бул токтом 2010-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматына жүктөлсүн.
Премьер-министр | Д.Үсөнов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-мартындагы № 163 токтому менен бекитилген |