Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 15-январындагы № 19 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2010-жылдын 18-августу №166

"Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча Мамлекеттик дирекция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-июнундагы № 104 токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө

2010-жылдын июнь окуяларынын натыйжасында жабыр тарткан Ош жана Жалал-Абад облустарынын шаарларын жана калктуу конуштарын калыбына келтирүү маселелери боюнча Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча Мамлекеттик дирекциянын алдына коюлган милдеттерди ылайык келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

"Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча Мамлекеттик дирекция жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 26-июнундагы №104 токтому менен бекитилген, Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча Мамлекеттик дирекция жөнүндө Жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

1) бүткүл текст боюнча:

- ар түрдүү жөндөмөлөрдөгү "Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Ош, Жалал-Абад шаарларын жана Ош жана Жалал-Абад облустарынын жабыр тарткан калктуу конуштарын калыбына келтирүү" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- ар түрдүү жөндөмөлөрдөгү "Кыргыз Республикасынын өткөөл мезгилдеги Президенти" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү "Кыргыз Республикасынын Президенти" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

2) 3-пункттун экинчи жана үчүнчү абзацтарындагы "Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча фонд" деген сөздөр "Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча Адистештирилген фонд" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

3) 4-пунктта:

- үчүнчү абзацы "келтирүү" деген сөздөн кийин "жана өнүктүрүү" деген сөздөр менен толукталсын;

- төртүнчү абзацы "калыбына келтирүү" деген сөздөрдөн кийин "жана өнүктүрүү" деген сөздөр менен толукталсын;

4) 7-пункттун экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"- Ош, Жалал-Абад шаарларынын жана Ош жана Жалал-Абад облустарынын жабыр тарткан калктуу конуштарынын жашоо турмушун жана инфратүзүмдөрүн калыбына келтирүү;";

5) 8-пунктта:

- төртүнчү абзацындагы "Ош жана Жалал-Абад шаарларынын калыбына келтирүү" деген сөздөр "Ош, Жалал-Абад шаарларынын жана Ош жана Жалал-Абад облустарынын жабыр тарткан калктуу конуштарын калыбына келтирүү" деген сөздөр менен алмаштырлсын;

- бешинчи абзацындагы "Ош жана Жалал-Абад шаарларындагы объекттер" деген сөздөр "Ош, Жалал-Абад шаарларындагы жана Ош жана Жалал-Абад облустарынын жабыр тарткан калктуу конуштарындагы объекттер" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- жетинчи абзацындагы "Убактылуу" деген сөз алып салынсын;

- онунчу абзацындагы "Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү үчүн" деген сөздөр "Ош, Жалал-Абад шаарларынын жана Ош жана Жалал-Абад облустарынын жабыр тарткан калктуу конуштарын калыбына келтирүү үчүн" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- он экинчи абзацындагы "Ош жана Жалал-Абад шаарларынын курулмалары" деген сөздөр "Ош, Жалал-Абад шаарларынын жана Ош жана Жалал-Абад облустарынын жабыр тарткан калктуу конуштарынын курулмалары" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

6) 10-пункттун он биринчи абзацындагы "Ош жана Жалал-Абад шаарларынын инфратүзүмдөрүн калыбына келтирүү боюнча жумуштар үчүн" деген сөздөр "Ош, Жалал-Абад шаарларынын жана Ош жана Жалал-Абад облустарынын жабыр тарткан калктуу конуштарынын инфратүзүмдөрүн калыбына келтирүү боюнча жумуштар үчүн" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

7) 16-пункт күчүн жоготту деп табылсын.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

Р.Отунбаева