Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 13-майы № 251 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2011-жылдын 29-апрели N 196
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 6-мартындагы N 116, 2013-жылдын 10-сентябрындагы N 509,
2018-жылдын 11-июнундагы № 277 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Өрт коопсуздугун камсыз кылуу, өрт жөнүндө адамдарга өз убагында кабарлоо жана аларды ийгиликтүү чыгарып кетүү үчүн шарттарды түзүү, ошондой эле жарандардын өмүрүн, ден соолугун жана мүлкүн өрттөн коргоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Тиркелген Өрттү аныктоонун жана өчүрүүнүн автоматташтырылган системалары менен коргонууга тийиш болгон имараттардын, курулмалардын, жайлардын жана жабдуулардын тизмеси (мындан ары - Тизме) бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана Кыргыз Республикасынын өрт коопсуздугу боюнча көзөмөлдөө жана контролдоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы:
- тиркелген Тизмени жетекчиликке алсын жана ишти ага ылайык уюштурсун;
- аталган иштерди уюштуруу боюнча чыгымдарды тийиштүү жылга бекитилген бюджетте каралган финансы каражаттарынын чегинде жүзөгө ашырсын.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-сентябрындагы N 509 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын транспорт, курулуш, коммуникациялар жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Бул токтом 2011-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.
5. Бул токтом расмий жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
Премьер-министри |
| А.Атамбаев |