Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

2023-жылдын 13-декабрындагы № 675

токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

2011-жылдын 27-майы №262

2010-жылдын июнь айындагы капсалаңдуу окуяларда шейит кеткендерди Бүткүл элдик эскерүү күнү жөнүндө

Чагымчыл күчтөр 2010-жылдын июнунда Ош шаарында, Ош жана Жалал-Абад облустарында Кыргызстандын жарандарынын ортосунда улуттар аралык кагылышууну жараткан капсалаңдуу окуялардын бир жылдыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төмөндөгүлөрдү

БЕЛГИЛЕЙТ:

- өткөн жылдын июнундагы капсалаң - өлкөбүздүн бардык аймагындагы элдин кабыргасын кайыштырып, көп улуттуу Кыргыз Республикасынын ар бир жаранынын жүрөгүн сыздаткан жалпыбыздын кайгыбыз. Өлкөбүздүн түштүгүндөгү кайгылуу окуяларда жапа чеккендер алгачкы, эң керектүү гуманитардык жардамды мекендештеринен, карапайым адамдардан алышты;

- бир жыл бою жалпы Кыргызстандын калкы чагымчыл күчтөрдүн масштабдуу провокациясынын натыйжасында каза тапкандарды терең кайгыруу менен эскерип, жапа чеккендерге кайрат айтып келет;

- Кыргызстан эли Ош шаарында, Ош жана Жалал-Абад облустарында 2010-жылдын июнунда массалык кагылыштарды уюштургандардын аракетин айыптайт жана аларды мыйзамга ылайык катуу жазага тартууну талап кылат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2010-жылдын июнундагы капсалаңдуу окуялардын себептерин жана сабактарын иликтөө боюнча жарандык коомдун, саясий күчтөрдүн жана коомдук уюмдардын аракетин колдойт, бирок, ар бир иликтөө объективдүү, Кыргызстан элинин биримдиги жана өлкөнүн бүтүндүгү, коомду бириктирүү, тынчтыкка, стабилдүүлүккө жана ынтымакка жетишүү максатында жүргүзүлүүгө тийиш деп баса белгилейт.

Ош шаарында, Ош жана Жалал-Абад облустарында 2010-жылдын июнундагы капсалаңдуу окуяларда шейит кеткендерди эскерүү менен, көп улуттуу Кыргызстан элинин биримдигин жана кыргыз мамлекеттүүлүгүн сактап калуунун ортосундагы байланыштын ажырагыстыгын белгилеп, тынчтыктын жана ынтымактын идеалдары үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын бардык аймагында 2011-жылдын 10-июну 2010-жылдын июнундагы капсалаңдуу окуяларда шейит кеткендерди Бүткүл элдик эскерүү күнү (мындан ары - Эскерүү күнү) деп жарыялансын.

Эскерүү күнү республиканын бардык административдик имараттарында, Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттердеги элчиликтери менен өкүлчүлүктөрүндө мамлекеттик желектер ылдый түшүрүлсүн.

2. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрациялары, аткаруу бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:

- Ош шаарында, Ош жана Жалал-Абад облустарында 2010-жылдын июнундагы капсалаңдуу окуяларда шейит кеткендерди эскерүүгө байланыштуу иш-чараларды өткөрүүнү уюштурушсун;

- элдин биримдиги, өлкөнүн бүтүндүгү, коомду бириктирүү идеалдарын калк арасына жайылтуу, тынчтыкты жана жарандык ынтымакташтыкты камсыз кылуу, ошол аймактагы жарандар ортосунда кагылышууга жол бербөө боюнча конкреттүү иш-чаралардын планын иштеп чыгышсын жана ишке ашырсын.