Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-августундагы № 564 токтомунун редакциясына ылайык)

 

2011-жылдын 27-майы № 259

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасында автомототранспорт каражаттарды тариздөө жана мамлекеттик каттоо жол-жоболорун оптималдаштыруу жана кайталоолорду болтурбоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 15-февралындагы № 65 "Автомототранспорт каражаттарын жана алардын чиркегичтерин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматында каттоо эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- Автомототранспорт каражаттарын жана алардын чиркегичтерин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматында каттоо эрежелеринде:

- 14-пункттагы "бажы күбөлүгү" деген сөздөр "бажылык кириштөө ордери же жүктүн бажы декларациясы" деген сөздөргө алмаштырылсын;

- 67-пункттун экинчи абзацындагы "бажылык күбөлүк тиркелет" деген сөздөр "бажы документтери тиркелет" деген сөздөргө алмаштырылсын.

2. (КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-августундагы № 564 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3. (КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-августундагы № 564 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 27-апрелиндеги № 307 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 2-пункту күчүн жоготту деп эсептелсин.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Премьер-министри

 

А.Атамбаев