Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 28-сентябрындагы № 648 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 31-майындагы №265 токтому менен бекитилген

Акциялардын чыгарылышын, акцияларды коомго сунуш кылуунун шарттарын, проспектин жана акцияларды чыгаруунун жыйынтыктарын мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө ЖОБО

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-апрелиндеги № 208, 2016-жылдын 2-июнундагы № 293 , 2019-жылдын 28-январындагы № 24 , 2019-жылдын 29-октябрындагы № 580 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

I. Жалпы жобо

1. Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө", "Акционердик коомдор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык даярдалды.

2. Бул Жобо акциялардын чыгарылышын жана акцияларды чыгаруунун жыйынтыктарын, коомго сунуш кылынган акциянын жана проспектинин шарттарын мамлекеттик каттоонун тартибин жөнгө салат.

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 11-апрелиндеги № 208 токтомуна ылайык)

3. Акциялардын чыгарылышын, коомго сунуш кылынган акциялардын жана проспектинин шарттарын мамлекеттик каттоону Кыргыз Республикасынын баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы жүзөгө ашырат.

4. Мамлекеттик каттоо учурунда баалуу кагаздардын чыгарылышына мамлекеттик каттоо номерлери берилет жана баалуу кагаздар Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык Баалуу кагаздардын бирдиктүү мамлекеттик реестрине киргизилет.

5. Акциялардын чыгарылышын, коомго сунуштоонун шарттарын жана проспектини мамлекеттик каттоого алгандык үчүн жыйымдар алынат, анын өлчөмү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.

6. Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган акциялардын чыгарылышын, коомго сунуш кылуунун шарттарын, проспектини мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн берилген документтерде камтылган маалыматтардын толуктугуна гана жоопкерчилик тартат.

Акциялардын чыгарылышын, коомго сунуш кылуунун шарттарын, проспектини мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн берилген документтерде камтылган маалыматтардын аныктыгы үчүн жоопкерчиликти эмитент тартат.

7. Мурда чыгарылган акциялардын жыйынтыктары ишке ашты же ишке ашпай калды деп таанылганга чейин акциялардын чыгарылышы мамлекеттик каттоодон өткөрүлбөйт.

8. Акциялардын чыгарылышын мамлекеттик каттоого алуу чечими кабыл алынган учурда, акциянын чыгарылышын мамлекеттик каттоого алуу жөнүндө баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими эмитентке берилет.

9. Акциялардын чыгарылышын мамлекеттик каттоого алуунун учурунда баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, Кыргыз Республикасындагы баалуу кагаздардын бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү үчүн ушул Жобонун 3-тиркемесине ылайык акциялардын чыгарылышын каттоого алуунун картасын толтурат.