Редакцияот 28.07.2011
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2011-жылдын 28-июлу № 420

"Санкт-Петербург шаарында 2010-жылдын 19-ноябрында кол коюлган "Евразиялык экономикалык коомдоштукка мүчө-мамлекеттердин бажы транзитин контролдоонун Бирдиктүү автоматташкан маалымат системасын түзүү" Мамлекеттер аралык максаттуу программасын ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу

Мамлекет ичиндеги жол-жоболорду өткөрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Санкт-Петербург шаарында 2010-жылдын 19-ноябрында кол коюлган "Евразиялык экономикалык коомдоштукка мүчө-мамлекеттердин бажы транзитин контролдоонун Бирдиктүү автоматташкан маалымат системасын түзүү" Мамлекеттер аралык максаттуу программасын ратификациялоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

 

Премьер-министр

А.Атамбаев

 

Долбоор

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Санкт-Петербург шаарында 2010-жылдын 19-ноябрында кол коюлган "Евразиялык экономикалык коомдоштукка мүчө-мамлекеттердин бажы транзитин контролдоонун Бирдиктүү автоматташкан маалымат системасын түзүү" Мамлекеттер аралык максаттуу программасын ратификациялоо жөнүндө

 

1-берене.

 

Санкт-Петербург шаарында 2010-жылдын 19-ноябрында кол коюлган "Евразиялык экономикалык коомдоштукка мүчө-мамлекеттердин бажы транзитин контролдоонун Бирдиктүү автоматташкан маалымат системасын түзүү" Мамлекеттер аралык максаттуу программасы ратификациялансын.

 

2-берене.

 

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги аталган Программанын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө депозитарий болгон Евразиялык экономикалык коомдоштуктун Интеграциялык Комитетине билдирсин.

 

3-берене.

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы аталган Программанын жоболорун ишке ашырууга жооптуу орган болуп аныкталсын.

 

4-берене.

 

Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти