Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы № 52 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2011-жылдын 5-августу № 452
Кыргыз Республикасынын республикалык, облустук, райондук маанидеги шаарларынын шаардык кеңештеринин жана райондук кеңештеринин аппараттарынын типтүү түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-ноябрындагы № 802, 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 532, 2015-жылдын 23-октябры № 730 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- Республикалык маанидеги шаарлардын шаардык кеңештеринин аппараттарынын типтүү түзүмү жана штаттык саны;
- Облустук жана райондук маанидеги шаарлардын шаардык кеңештеринин аппараттарынын типтүү түзүмү жана штаттык саны;
- Райондук кеңештердин аппараттарынын типтүү түзүмү жана штаттык саны.
- (төртүнчү абзац КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-ноябрындагы № 802 токтомуна ылайык күчүн жоготту).
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 29-ноябрындагы № 802 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 10-октябрындагы № 573 «Кыргыз Республикасынын республикалык, облустук маанидеги шаардык кеңештеринин жана райондук кеңештеринин аппараттарынын типтүү түзүмдөрүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө» токтому күчүн жоготту деп табылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана аймактык башкаруу бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Бул токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.