Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-мартындагы № 169 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы № 791 токтому менен бекитилди

 

Бюджеттик булактардан каржылануучу, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Суучулдарды даярдоо жана суу алдындагы техникалык иштерди аткаруу борборунын (Суучулдар кызматынын) кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары тууралуу  ЖОБО

 

(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 17-октябрындагы № 641, 2012-жылдын 12-июнундагы № 408, КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 23-августундагы № 471, 2022-жылдын 27-декабрындагы № 716 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 25-мартында чыккан N 161 "Өзгөчө шарттарда каралуучу эмгек акы төлөө тууралуу" токтомун эске алуу менен иштелип чыкты.

Бул Жобо Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Суучулдарды даярдоо жана суу алдындагы техникалык иштерди аткаруу борборунун (Суучулдар кызматы) (мындан ары - Борбор) жетекчилерине жана кызматкерлерине, барокамерада, суу алдында иштөөгө тиешелүү уруксаты бар, кызматтык жана башка милдеттерин аткаруу үчүн суу алдына түшүүчү суучулдарга, карата колдонулат.

Борбордун жумушчуларынын кызмат акысын жана иш жүгүн аныктоо тарифтик торчого (мындан ары - ТТ) карата бекитилет.

(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 17-октябрындагы № 641, 2012-жылдын 12-июнундагы № 408 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

1-бөлүм Борбордун кызматкерлерин жумуш адистигине, кызматына, ошондой эле суу астындагы жүргүзгөн иштерине жараша эмгек акы төлөө разрядын Бирдиктүү тарифтик торчого жайгаштыруу

1. Жасаган эмгегине туура келген өлчөмдөгү акы төлөөнү тартипке келтирүү максатында иштин өзгөчө шарттарда аткарылышын эске алуу менен, Борбордун жумушчуларынын эмгек акысын тарифтик разрядда төлөнүүчү тарифтик торчого киргизүү:

(1-таблица КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 17-октябрындагы № 641 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 17-октябрындагы № 641 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Борбордун, мекеменин, отряддын, бөлүмдүн башчысынын орун басарларынын эмгек акылары боюнча разряды бөлүмдөрдүн башчыларынын разрядынан 1 разрядга төмөн каралат.

3. Башчылардын жана адистердин эмгек акысынын конкреттүү разряды, ТТнын бир нече кеңдигинде тарифтелүүчү, квалификациялык талаптарга жооп берүүчү аттестациянын жыйынтыгынын негизинде коюлат. Аттестациянын жыйынтыгы Борбордун буйругу менен бекитилет. Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын эске алуу менен Борбор керектүү квалификациялык талаптарды бекитет.

(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-июнундагы № 408 токтомунун редакциясына ылайык)

4. (КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 17-октябрындагы № 641 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

5. Борбордун кызматкерлерине паектук камсыздоо жана башка төлөмдөр бир айдагы эсептик көрсөткүчтүн отуз эсе өлчөмүн түзөт. Чен азык менен камсыз кылуунун конкреттүү ченемдери Борбордун башчысынын көрсөтүүсүнүн негизинде КРнын ӨКМнин буйругу боюнча аныкталат.

(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 17-октябрындагы № 641 токтомунун редакциясына ылайык)

2-бөлүм Борбордун жумушчуларынын кызмат ордуна жана адистигине жараша эмгек акы төлөө разрядынын тарифтик торчосу. Жалпы жобо