Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

2023-жылдын 13-декабрындагы № 675

токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

2011-жылдын 30-декабры № 765

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоо жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 16-майындагы № 228 "2010-жылдын июнунда Ош шаарында, Жалал-Абад жана Ош облустарында талап-тоноолордун жана өрттөөлөрдүн кесепетинен жабыр тарткан ишкерлерге колдоо көрсөтүү боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

- 2-пункттун биринчи абзацындагы "атайын фонддо" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын резервдик фондунун каражатынын эсебинен" деген сөздөр менен толукталсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 14-январындагы № 12 "Фермерлерге жеткиликтүү кредиттер" долбоорун бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 2-пункттун сегизинчи абзацындагы "Кыргыз Республикасынын резервдик фондуна" деген сөздөр алып салынсын.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

Премьер-министри

 

Ө.Бабанов