Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2011-жылдын 17-октябры № 647

Кыргыз Республикасында баалуу кагаздар менен бүтүмдөрдү жасоонун эрежесин бекитүү жөнүндө

«Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасында баалуу кагаздар менен бүтүмдөрдү жасоонун тиркелген эрежеси бекитилсин.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын

Биринчи вице-премьер-министри,

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу

 

 

Ө. Бабанов

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 17-октябрындагы № 647 токтому менен бекитилген

 

Кыргыз Республикасында баалуу кагаздар менен бүтүмдөрдү жасоонун эрежеси

 

1. Ушул Эреже Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине, "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө", "Акционердик коомдор жөнүндө", "Ипотекалык баалуу кагаздар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык баалуу кагаздарды түзүү, каттоо, жүгүртүү, ошондой эле менчик укуктардын өтүү процесстерин жөнгө салат.

(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 18-майындагы № 266 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Жарандардын баалуу кагаздар менен байланышкан укуктары менен милдеттерин белгилөөгө, өзгөртүүгө же токтотууга багытталган жеке жана юридикалык жактардын аракеттери баалуу кагаздар менен жасалган бүтүмдөр деп таанылат.

3. Ушул Эрежеде пайдаланылуучу негизги түшүнүктөр: соодаларга катышуучу - баалуу кагаздар боюнча кесипкөй иш жүргүзүүгө лицензиясы бар, фондулук биржалардын соодаларына катышуучу болуп саналган, фондулук биржалардын эрежелерине жараша буйруктарды жарыялоого жана баалуу кагаздар менен бүтүмдөрдү жасоого укугу бар баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусу;

спрэд - баалардагы көз боемочулуктарды болтурбоо максатында белгиленген, фондулук биржалардын рыноктук бааларынын жардамы менен эсептелинүүчү баалуу кагаздарды сатып алуу жана сатуу бааларынын өзгөрүүсүнүн чеги;

РЕПО бүтүмү - мурда аныкталган баа боюнча белгилүү мөөнөт өткөндө кайра сатуу (сатып алуу) милдеттенмеси бар баалуу кагаздарды сатып алуу (сатуу) бүтүмү;

тике РЕПО - кайра сатылып алынуучу шарты бар баалуу кагаздарды сатуу бүтүмү;

тескери РЕПО - кайра сатылып алынуучу шарты бар баалуу кагаздарды сатып алуу бүтүмү.

4. Бул Эреже баалуу кагаздар менен жасалган операцияларды бүткөрүү ишинин жүрүшүн жөнгө салат жана Кыргыз Республикасынын аймагында түзүлгөн төмөнкүдөй бүтүмдөргө колдонулат:

- баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучусунун жардамы менен уюштурулган соода аянтчаларында жасалуучу акционердик коомдун акцияларын жана мыйзам менен же алар белгиленген тартипте баалуу кагаздардын эмиссиясына киргизилген башка баалуу кагаздарды сатып алуу-сатуу операцияларына;

- белекке берүү, алмаштыруу келишимдери боюнча бүтүмдөр.

Ушул Эреженин колдонулушу мамлекеттик баалуу кагаздарды жайгаштырууга жана жүгүртүүгө, ошондой эле баалуу кагаздарга карата укуктарды жана/же милдеттерди өзгөртүү жана токтотуу тартибине жайылтылбайт:

- соттун чечими боюнча;

жоюлуп жаткан субъекттин мүлкү сатылган учурда жоюу комиссиясынын чечими боюнча;

- баалуу кагаздарды мурастоодо.