Загрузка документа…
КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 22-январындагы № 49 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ
ТОКТОМ
2012-жылдын 28-февралы № 150/40/6
Микрокаржылоону 2011-2015-жылдары өнүктүрүү стратегиясын бекитүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июлундагы № 369/7 токтомуна ылайык)
Калктын кирешеси аз катмарынын финансылык кызмат көрсөтүүлөрдөн туруктуу пайдалануу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү жана кошумча жумуш орундарын түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы токтом кылат:
1. Тиркелген Микрокаржылоону 2011-2015-жылдары өнүктүрүү стратегиясы бекитилсин.
2. Микрокаржылоону 2011-2015-жылдары өнүктүрүү стратегиясын жүзөгө ашыруу боюнча иш-аракеттерди координациялоо жана Кыргыз Республикасында микрокаржылоону өнүктүрүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу максатында Микрокаржылоону өнүктүрүү боюнча Координациялык кеңеш (мындан ары - Координациялык кеңеш) түзүлсүн.
3. Тиркелген Координациялык кеңеш жөнүндө жобо бекитилсин.
4. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, административдик ведомстволор, финансы-кредит мекемелери жана алардын ассоциациялары (макулдашуу боюнча):
- Микрокаржылоону 2011-2015-жылдары өнүктүрүү стратегиясында каралган иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу боюнча чараларды көрүшсүн;
- отчёттук жарым жылдыктан кийинки айдын 15инен кечиктирбестен Микрокаржылоону 2011-2015-жылдары өнүктүрүү стратегиясын жүзөгө ашыруу боюнча иш-чаралардын аткарылышынын жүрүшү жөнүндө отчётту Координациялык кеңештин катчылыгына берип турушсун.
5. Координациялык кеңештин катчылыгы отчёттук жарым жылдыктан кийинки айдын 30унан кечиктирбестен Микрокаржылоону 2011-2015-жылдары өнүктүрүү стратегиясын ишке ашыруу боюнча иш-чараларды аткаруунун жүрүшү жөнүндө отчётту Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына берип турсун.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басарына жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасына жүктөлсүн.
7. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри | Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2012-жылдын 28-февралындагы № 150/40/6 токтому менен бекитилген |
1. Киришүү
Мамлекеттердин экономикасында микрокредиттөө боюнча алгачкы программалар 1980-жылдардын акырында жана 1990-жылдардын баш жагында ишке киргизиле башталган. Өнүктүрүү каражаты катары анын эл аралык деңгээлде кеңири таанылышы микрофинансылоонун өсүшүнө түрткү берип, ошондон улам ал, калкынын бардык катмарынын финансылык кызмат көрсөтүүлөрдөн жана ресурстардан пайдалануу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга аракеттенишкен дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүнүн өкмөттөрүнүн колдоосуна ээ болгон.
Акыркы 15 жыл ичинде көпчүлүк өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө микрофинансы секторунун жылына 30-40 пайыз чегинде, болуп көрбөгөндөй өсүшкө ээ болгондугу байкалган.
Кыргызстан да мына ушундай маанилүү эл аралык процесстерден четте калбай, бул секторду өнүктүрүү мамлекеттин эң башкы милдетинин бири, жакырчылыкты кыскартуу боюнча улуттук программанын бөлүгүнөн болгон.
Биздин өлкөдө микрофинансылоо системасы 1994-жылдан тартып Дүйнөлүк банктын, ПРООНдун, Азия өнүгүү банкынын, АСВ1Л/ОСАнын, Кайрымдуулуктун эл аралык корпусунун, Швейцариянын «Каритас» бейөкмөт уюмунун долбоорлорунун жардамы аркасында өнүгө баштаган. Ошентип, бул багытта иш алып барган алгачкы институттар - ФИНКА, Кыргыз айыл чарба финансы корпорациясы (учурда «Айыл банк» ААК), Кредиттик союздарды колдоо жана өнүктүрүү боюнча финансы компаниясы түзүлүп, ишин башташкан. 1994 - 2000-жылдар аралыгын өзүнчө кредиттик схемалар өздөштүрүлүп, алгачкы долбоорлор, баштапкы ченемдик укуктук документтер иштелип чыгып, Кыргыз Республикасынын «Кредиттик союздар жөнүндө» биринчи мыйзамы кабыл алынган өнүгүүнүн алгачкы баскычы катары кароого болот.
2000-жылдын акырына карата абал боюнча банктык эмес финансы-кредиттик мекемелердин чогуу алгандагы кредит портфели 586 млн. сомду, ал эми карыз алуучулардын саны 19 миң адамды түзгөн.
Ал эми 2000-2005-жылдары микрофинансылоо институттары үчүн экономикалык жана укуктук шарттар түзүлгөн, мисалы 2002-жылы «Микрофинансылык уюмдар жөнүндө» мыйзам кабыл* алынып, алардын ресурстук базасы көбөйүп, айрыкча айыл жерин камтыган филиалдык тармагы кеңейген. Ошентип, микрофинансылоо сектору ыргактуу, туруктуу өсүшкө ык коюп, кирешелүүлүгүн айкын тастыктоо менен өзүнө донорлордун жана эл аралык уюмдардын көңүлүн барган сайын көбүрөөк тарта баштаган. Бул чөйрөдө АКШнын Айыл-чарба департаментин, Швейцария өкмөтүн, USAID, Германия өкмөтүн, Голландия өкмөтүн, Европа союзун, КFW ж.б. кошо алганда, дээрлик бардык донор уюмдардын долбоорлору өздөштүрүлө баштаган.
Мамлекеттик органдардын, эл аралык донорлордун жана микрофинансы секторунун уюмдарынын күч-аракети, 2005-жылдын акырына карата банктык эмес финансы-кредит мекемелеринин кредиттик портфелинин көлөмүнүн 41 млрд. сомду түзүп, карыз алуучуларынын саны 116 миң адамга жетишин шарттаган.
Бул сектордун ыргактуу өсүш нугуна бет алгандыгын эске алуу менен 2005-жылы Улуттук банк, Кыргыз Республикасында 2006-2010-жылдарга микрокаржылоону өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү стратегиясын иштеп чыгуу демилгесин көтөргөн.
Мына ушул стратегияны жүзөгө ашыруу мезгили ичинде калайык- калкты, айрыкча айыл жерин жана өлкөнүн алыскы райондорунда жашаган калкты финансылык кызмат көрсөтүүлөр менен камсыз кылуу көрсөткүчү олуттуу жогорулап, ошону менен .катар эле, финансылык кызмат көрсөтүүлөрдүн кеңири жайылтылышы көрсөткүчү да арткан. Микрофинансылоо сектору жакырчылыкты кыскартууда олуттуу рол ойноп, жаңы жумуш орундарын түзүүгө калкты иш менен камсыз кылууга жана миңдеген үй-бүлөлөрдүн жашоо шартын жакшыртууга өбөлгө түзүп, шериктештиктердин өнүгүшүнө . колдоо көрсөтүп, айыл . жеринин жана чакан шаарлардын социалдык-экономикалык өсүшүнө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүү менен үй чарбалары деңгээлинде кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоого жетишкен;
Калктын жакыр жашаган катмарынын финансылык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануу мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү аркылуу жакырчылыкты кыскартуу, айрыкча мында өлкөнүн алыскы региондоруна басым жасоо, Кыргыз Республикасында 2006-2010-жылдарга микрокаржылоону өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү стратегиясынын башкы максатынан болгон. Улуттук статистика комитетинин көрсөткүчтөрүнө кайрыла турган болсок, анда олуттуу, алгылыктуу өзгөрүүлөрдүн жүргөндүгүн байкоого болот.
1-таблица
Салыштыруу үчүн негизги көрсөткүчтөр (2005-2010-жылдары)2 | ||
| 2005 | 2010 |
Калкты микрокредиттөө кызматы менен камтуу | 1,4% | 7,1% |
Финансылык өтүмдүүлүк көрсөткүчү (МФИ КП/ИДӨ) | 3,9% | 5,2% |
Жакырчылык деңгээли | 43,1% | 33,7% |
Киши башына ИДӨ, АКШ доллары | 478 | 890 |
Инфляция | 4,9% | 19,2% |
Финансы секторунда 2010-жылы орун алган негизги проблемалар, жылдын биринчи жарымында болуп өткөн массалык башаламандык жана элдик толкундоолор, андан соң коңшу мамлекеттер менен чек аралардын жабылышы сыяктуу оор жагдайлардан улам республиканын экономикасынын абалынын начарлоосуна байланыштуу келип чыккан, ушунун өзү өлкөдө экономикалык жигердүүлүктүн олуттуу төмөндөшүнө алып келген. Албетте, кесепеттүү окуялар өлкө экономикасынын жана финансы секторунун абалына да таасирин тийгизген. Бул учурда Улуттук банк, жогору айтылган жагдайлардын финансы секторунун өнүгүшүнө таасир этүүсүн жеңилдетүү максатында, бир кыйла күч-аракет жумшаган.
Статистикалык маалыматтар көрсөтүп тургандай эле (1-таблица), кароого алынып жаткан мезгил ичинде жакырчылык деңгээли 2005-жылдагы 43,1 пайыздан 2010-жылдагы 33,7 пайызга чейин азайып, 9 пайыздан көбүрөөккө төмөндөгөн. Ал эми киши башына ички дүң өнүмдүн катышы, бул көрсөткүчтүн дээрлик 2 эсеге өскөндүгүн тастыктайт. Калкты микрокредиттөө кызматы менен камтуу көрсөткүчү 7,1 пайызга чейин жогорулаган, ушунун өзү 5,2 пайыз чегинде түптөлгөн финансылык өтүмдүүлүк көрсөткүчүнүн жакшыруусунан көрүнгөн. 2008 - 2009-жылдардагы глобалдуу финансылык каатчылыктын, ошондой эле 2010-жылдагы саясый окуялардын өлкөдөгү макроэкономикалык жагдайга жана бизнестин жигердүүлүгүнө терс кесепетин тийгизгендигине карабастан, мына ушундай көрсөткүчтөргө жетишүүгө мүмкүн болгон.
Аталган көрсөткүчтөр, 2006 - 2010-жылдарга микрокаржылоону өнүктүрүүнүн орто мөөнөттүү стратегиясын жүзөгө ашырууга алгылыктуу таасир эткендигин тастыктап, кароого сунушталып жаткан стратегиянын өлкөнүн мындан аркы социалдык-экономикалык өнүгүшүнө жетишүүнүн таасирдүү инструменти катары маанилүүлүгүн баса белгилөө менен микрофинансылоону өнүктүрүүнүн олуттуулугун көрсөтүүдө.
2-таблица
Микрофинансы институттарынын салыштырмалуу иш көрсөткүчтөрү (2005 - 2010-жылдары)3.
| 2005 | 2010 | ||
| МФО | КС | МФО | КС |
Саны | 134 | 320 | 396 | 217 |
Кардарлар | 52 125 | 22 376 | 371 913 | 19 571 |
Бардыгы болуп, кредит портфели | 1,49 млрд. сом (36,0 млн. АКШ доллары) | 0,58 млрд. сом (14,0 млн. АКШ доллары) | 9,9 млрд. сом (211,2 млн. АКШ доллары) | 1,14 млрд. сом (24,2 млн. АКШ доллары) |
Кредиттин орточо өлчөмү | 28,5 миң. сом (691 АКШ доллары) | 25,9 миң. сом (628 АКШ доллары) | 26,7 миң. сом (568 АКШ доллары) | 58,2 миң. сом (1 236 АКШ доллары) |
Катышуучулар/ мүчөлөр |
| 28 485 |
| 27 748 |
Бардыгы болуп сактык пайлар |
| 0,17 млрд. сом (4,1 млн. АКШ доллары) |
| 0,20 млрд. сом (4,3 млн. АКШ доллары) |
Сактык пайлардын орточо өлчөмү |
| 5,9 миң. сом (144 АКШ доллары) |
| 7,2 миң. сом (153 АКШ доллары) |
Депозиторлор | Н/П | Н/П | Н/П | 1 298 |
Бардыгы болуп депозиттер | - | - | - | 35,0 млн. сом (743 миң. АКШ доллары) |
Депозиттин орточо өлчөмү | - | - | - | 26,9 миң. сом (571 АКШ доллары) |