Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 23-марты № 198
Кыргыз Республикасындагы администрациялык-аймактык реформанын концепциясы жөнүндө
Республиканын региондорунун потенциалын арттыруу, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруунун түзүмүндөгү кайталоолорду жоюу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-январындагы № 55 «Стабилдүүлүк жана бакубат жашоо» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасын ишке ашыруу боюнча 2012-жылга иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө» токтомун ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бекитилсин:
- 1-тиркемеге ылайык Кыргыз Республикасындагы администрациялык-аймактык реформанын концепциясы (мындан ары - Концепция);
- 2-тиркемеге ылайык Кыргыз Республикасындагы администрациялык-аймактык реформанын концепциясын ишке ашыруу боюнча Координациялык кеңеш жөнүндө жобо.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик бир айлык мөөнөттө белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бекитүүсүнө Концепцияны ишке ашыруу боюнча Координациялык кеңештин курамынын долбоорун киргизсин.
3. Министрликтер жана ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, мамлекеттик бийликтин башка органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:
- Концепцияны ишке ашырууга ар тараптуу жардам көрсөтүшсүн;
- ар бир жарым жылдыктын жыйынтыгында отчеттук мезгилден кийинки айдын 10унан кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттикке жалпылоо үчүн Концепцияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын аткарылышы жөнүндө маалымат беришсин.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик ар бир жарым жылдыктын жана жылдын жыйынтыгы боюнча отчёттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө Концепцияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын аткарылышы жөнүндө топтомо маалымат берсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу бөлүмүнө тапшырылсын.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ө. Бабанов |
1-тиркеме
I. Киришүү
Кийинки жылдарда Кыргызстанда мамлекеттик жана коомдук турмуштун көптөгөн чөйрөлөрүндө реформалар жүргүзүлүп жатат. Коомдо мамлекеттин ролун, анын функцияларын, борбор менен региондордун ортосундагы мамилени жаңыча түшүнүү тенденциясы байкалууда. Ошону менен бирге эле, натыйжалуу мамлекеттик бийлик кечиктирилгис социалдык-экономикалык проблемаларды чечүү, элдин жашоо деңгээлин жана жашоосунун сапатын жогорулатуу үчүн зарыл. Алдыда турган администрациялык-аймактык реформа биринчи кезекте мамлекеттик башкаруунун оптималдуу системасын түзүүгө багытталган. Бул бир топ эле узак, татаал, бүткүл коомдун күч-аракетин талап кылуучу жумуш экени тажрыйбадан көрүндү. Ушуну менен бирге эле, шашылыш жана ойлонулбастан кабыл алынган чечимдер орчундуу экономикалык жана социалдык зыяндарга дуушарлантышы мүмкүн.
Республикада администрациялык-аймактык реформа жүргүзүү, мунун ичинде аймактык бирдиктерди ирилештирүү, башкаруу борборлорунун ордун тандоо, элге көрсөтүлүүчү мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн, жаңы администрациялык-аймактык бирдиктерди финансылык камсыздоону эске алуу менен жүргүзүү зарылдыгы бышып жетилген.
Администрациялык-аймактык реформаны иштеп чыгып жана ишке ашыруунун максаты мамлекеттик жана муниципалдык башкаруунун региондордун потенциалын күчтөндүрүүгө жана элдин бардарлыгын арттырууга багытталган натыйжалуу системасын түзүүнү көздөйт.
Бул максатка жетүү үчүн төмөнкүдөй маселелерди чечүү зарыл:
- мамлекеттик жана муниципалдык башкаруунун структурасында кайталоолорду жоюу, алардын ишинин натыйжалуулугун арттыруу, бюджеттин чыгымдарын азайтуу;
- региондордун потенциалын күчтөндүрүү, алардын финансылык өз алдынчалыгын чыңдоо;
- мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүнүн жеткиликтүү жана натыйжалуу системасын түзүү;
- элдик курултайлардын натыйжалуу иштеши үчүн шарттарды түзүү;
- кадрдык саясатты өркүндөтүү;
- нормативдик укуктук базаны шайкеш келтирүү.
Администрациялык-аймактык реформаны ишке ашырууда төмөнкүдөй базалык принциптер эске алынат:
- адамдын жана жарандын приоритеттүүлүгү, мамлекетти адамдын укуктарын, коопсуздугун, жакшы жашашын, адамдын жана коомдун өнүгүүсүн камсыздоо үчүн каражат катары кароо;
- мамлекеттин аймагынын бирдиктүүлүгү, бүтүндүгү жана бөлүнгүстүгү;
- коомдун турмушту жана мамлекеттик башкарууну уюштурууда демократиялык ыкмаларды сактоо;
- үнөмдүүлүк жана натыйжалуулук;
- региондордун социалдык, демографиялык, тарыхый, маданий жана экологиялык өзгөчөлүктөрүн эске алуу;
- реформанын ачык-айкындыгы.
II. Учурдагы администрациялык-аймактык системага анализ
Администрациялык-аймактык түзүлүш, бийликти аймактык уюштуруу өлкөнү социалдык-экономикалык, саясый, маданий өнүктүрүү, элге сапаттуу мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү маселелерин жана коомдун жашоо-турмушун уюштуруунун башка көптөгөн проблемаларын чечүүдө маанилүү роль ойнойт.
Кыргызстанда администрациялык-аймактык түзүлүш мамлекеттин тарыхый өнүгүү процессинде элдин ошол мезгилдердеги кызыкчылыгын эске алуу менен калыптанган. Өлкөдө администрациялык-аймактык реформаларды жүргүзүүнүн Россия империясынын жана кийин Советтер Союзунун курамында болгон тарыхы узак.
Кыргызстанда эгемендүүлүк жылдарында 90-жылдардын ортосунда жана 2007-2011-жылдарда администрациялык-аймактык системаны түп тамырынан бери реформалоого аракеттер болгон.
Администрациялык-аймактык түзүлүштү реформалоо процесси иш жүзүндө башкаруунун тигил же бул деңгээлдериндеги айрым өзгөртүүлөр, аймактык өзгөртүп түзүүлөр түрүндө перманенттүү мүнөздө болгон.
Администрациялык-аймактык реформа жасоого кийинки кездеги болгон кыйла маанилүү аракет катары Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 4-июлундагы № 333 «Кыргыз Республикасында администрациялык-аймактык түзүлүш системасын кайра уюштурууга концепциялык мамиле кылуу жөнүндө» Жарлыгын кабыл алууну айтса болот.
Бул Жарлыкты чыгарууга себеп өлкөнү администрациялык-аймактык бөлүүнүн логика жактан туура эместиги болду. Алсак, мисалы, Ош облусунун Кара-Суу району Талас жана Нарын облустарынын калкынын саны жагынан көбүрөөк. Ошол эле учурда калкынын саны жыйырма миң адамдан ашпаган райондор да бар, бул бир катар айылдарга караганда кыйла аз. Реформалоонун дагы бир себеби түрдүү деңгээлде башкарууда бири-биринин функциясын кайталаган мамлекеттик чиновниктердин зор штаты болду.
Сунуш кылынуучу администрациялык-аймактык реформа үч этапты камтыган. Реформалар биринчи этабында (2007-2008-жылдар) көптөгөн облустук башкаруу түзүмдөрү жоюлган, бирок алардын айрымдары региондор аралык башкаруу түзүмдөрү болуп түзүлгөн, ал эми кээ бирлери калыбына келтирилген.
Реформанын экинчи этабы (2009-2010-жылдар) биринчи этаптын логикалык уландысы болуп жана мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аткарган функцияларга түзүмдүк талдоо жүргүзүүнүн негизинде өзүнчө райондорду жана айыл аймактарын бириктирүү аркылуу администрациялык-аймактык бирдиктерди кеңейтүүгө мүмкүндүк бериши керек болчу. Иш жүзүндө республикалык жана облустук маанидеги шаарлардын курамына кирген бир катар айыл аймактары гана кеңейтилди.
Реформанын үчүнчү этабында (2010-2011-жылдар) милдеттерди жана функцияларды кайра бөлүштүрүүнүн негизинде төрт деңгээлдүү башкаруу системасынан үч деңгээлдүү башкаруу системасына өтүү менен Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү процесстери башталышы керек эле.
Бирок, бул Жарлык толук көлөмдө ишке ашырылган жок жана 2010-жылдын январь айында ал күчүн жоготту деп табылган. Системалуу эмес жана аягына чейин чыгарылбаган өзгөртүүлөрдүн натыйжасында бир катар проблемалар чечилбей калган, бул республиканын администрациялык-аймактык түзүлүшүн реформалоону жүргүзүүнү жаңыртуу үчүн негиз болгон.
Ушуну менен бирге калкка мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн бирдиктүү, жеткиликтүү жана сапаттуу системасынын жоктугу проблема бойдон калууда. Калк үчүн мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү алуу бюрократтуулуктун жана мөөнөттөрдүн узактыгынын айынан оор болуп калды. Мамлекеттик кызматчыларга дем берүү системасы иштелип чыккан эмес, анын айынан коррупция абдан жогорулап кетти.
Жергиликтүү өнүктүрүүнүн маанилүү маселелеринин ичинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын функционалдык жана ресурстук алсыздыгы калууда. Жергиликтүү коомчулуктардын бюджеттерин түзүүнүн жана башкаруунун учурдагы системасы аларга коомчулуктардын жашоо-турмуш жана аймактарды өнүктүрүү маселелерин өз алдынча жана натыйжалуу чечүүгө мүмкүндүк бербейт. Калкка мамлекеттик кызмат көрсөтүү бөлүгүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өзүнчө мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү системасыз жана финансылык материалдык камсыз кылбастан жүргүзүлүүдө.
Ошентип, администрациялык-аймактык түзүлүштүн учурдагы системасы өлкөдө жана коомдо орун алган жаңы мамилелерге толук көлөмдө ылайык келбейт. Андан тышкары, өлкөнүн азыркы администрациялык-аймактык түзүлүшү татыктуу жашоо-турмушту жана натыйжалуу өнүктүрүүнү камсыз кыла ала турган натыйжалуу башкаруунун милдеттерине жооп бербейт. Принциптүү мамиле кылууларга негизделген, өлкөнүн аймагында аны өнүктүрүү максаттарына жооп берген башкарууну уюштуруунун белгиленген бир моделине өтүү боюнча иш-аракеттердин ырааттуулугун камсыз кылуучу реформа керек.
III. Кыргыз Республикасында администрациялык-аймактык реформанын негизги багыттары
Азыркы учурда өлкөнүн администрациялык түзүлүшү төрт башкаруу деңгээлин камтыйт: борбордук, облустук, райондук жана муниципалдык (шаарлар жана айылдар).
Администрациялык-аймактык түзүлүштүн сунуш кылынуучу модели өзүнчө администрациялык-аймактык бирдиктерди кеңейтүү жана мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу органдарынын ишин өркүндөтүүнү болжолдойт.
Администрациялык-аймактык түзүлүштүн жаңы моделин ишке ашыруу реформанын үч этабын камтыйт.
1. Администрациялык-аймактык реформанын биринчи этабы
(2012-жыл)
Бул этапта төмөнкүдөй иш-чаралар каралат:
- региондо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн институтун түзүү;
- райондук кеңештерди жоюу;
- шаар тибиндеги поселокторду кайра түзүү;
- элдик курултайлардын ишин өркүндөтүү;
- финансылык децентралдаштыруу;
- калк үчүн мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу.
1.1. Региондо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлү институтун түзүү
«Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын жаңы конституциялык мыйзамын кабыл алынгандан жана күчүнө киргенден кийин облустардын мамлекеттик администрацияларынын базасында региондо тийиштүү аппараттары менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн институттары түзүлөт.
Жогоруда аталган мыйзам долбооруна ылайык региондогу өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлүнө негизинен тийиштүү аймакта ченемдик укуктук актылардын аткарылышын контролдоо функциялары, укук тартибин жана коопсуздукту камсыз кылуу, транс чек аралык кызматташтык саясатын жүргүзүү жүктөлөт.
1.2. Райондук кеңештерди жоюу
Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын функцияларын жана ыйгарым укуктарын чектеп бөлүштүрүүнүн зарылдыгына байланыштуу эки деңгээлдеги бюджетке өтүүнү жана райондук бюджетти бекитүүнүн зарылдыгынын жоктугун эске алуу менен райондук кеңештер институтун жоюу зарылдыгы бышып жетилди.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ченемдерин сактоону камсыз кылуу үчүн жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларын жергиликтүү кеңештердин сунушу боюнча дайындоо жана бошотуу жагында жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларын тийиштүү райондордун жергиликтүү (айылдык, шаардык) кеңештери тарабынан дайындоо жана бошотуу боюнча сунуштар киргизүү механизмин караштыруучу мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү зарыл.
1.3. Шаарчаларды кайра түзүү
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын системалаштыруу жана шаарчалардын статусуна карата юридикалык карама-каршылыктарды четтетүү максатында шаарчаларды шаарларга айлантуу же болбосо айылдарга айлантууну караштырган тийиштүү мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу жана кабыл алуу зарыл.
1.4. Элдик курултайлардын ишин өркүндөтүү
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 52-беренесинин 2-пунктуна ылайык кыргыз элинин тарыхый салт-санаасын жана менталитетин эске алуу менен маанилүү мамлекеттик чечимдерди мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан кабыл алууда жарандардын тийиштүү администрациялык аймактык бирдиктерге катышуу принциптерин орнотуу жана уюштуруу максатында элдик курултайларды өткөрүү тартиби жөнүндө тийиштүү мыйзамды кабыл алуу зарыл.
Элдик курултай институтун киргизүү жарандардын, жергиликтүү коомчулуктардын, мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын коомдук маанилүү кызыкчылыктарын мамлекеттин эң маанилүү экономикалык жана социалдык өнүгүүсү маселелерин макулдаштыкта чечүүнү камсыз кылат.
1.5. Децентралдаштырууну каржылоо
Региондордун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун потенциалын күчөтүү жагында администрациялык-аймактык реформанын маанилүү багыттарынын бири каржылык децентралдаштыруу, анын ичинде республикада эки деңгээлдүү бюджетти киргизүү жана жергиликтүү бюджеттер категориясынан райондук бюджетти жоюу, бардык райондук мамлекеттик органдардын бөлүктөрүн республикалык бюджеттен каржылоого өткөрүү болуп саналат.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жергиликтүү салыктарды башкаруу функцияларын өткөрүп берүүнү ишке ашыруу, жергиликтүү экономикалардын потенциалынын жана алардын инвестициялык жагымдуулугунун өсүшү үчүн экономикалык иш обьекттеринин өнүгүүсү үчүн шарттарды түзүү зарыл.
Аталган иш-чараларды ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин, «Бюджеттик укуктун негизги принциптери жөнүндө» жана «Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансылык-экономикалык негиздери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү зарыл.
Узак мөөнөттүү региондук өнүгүү пландарын иштеп чыгууну жана ишке ашырууну камсыздоо алдыда турат, алар инвесторлор үчүн ар кандай тармактарды, иш чөйрөлөрүн жана белгилүү бир аймактагы инфраструктураларды өнүктүрүү жагында багыт берүү болуп саналат.
1.6. Калк үчүн мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн камсыздоо
Калк үчүн мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгү администрациялык-аймактык реформалардын маанилүү курамдык бөлүгү болуп саналат. Ашыкча башкаруучулук, бийлик органдарынын контролдук-көзөмөлдүк жана уруксат берүүчү функцияларынын жетишсиздиги - булар жана көптөгөн ошол сыяктуу факторлор ишкердиктин өнүгүшүнө тоскоолдук келтирип, инвестициялык жагымдуулукту төмөндөтүп, акыры келип экономиканын арымдуу өнүгүшүнө кыйынчылык келтирет.
Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнү оптималдаштыруу боюнча ишти улантуу жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүнүн тизмесин түзүү максатында мамлекеттик жана муниципалдык көрсөтүлгөн кызматтардын сапатынын стандарттарын иштеп чыгуу зарыл.
Белгиленген талаптарга туура келген кызматтарды көрсөтүүнүн көп функционалдуу борборлордун тармагын түзүү, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатына жана жеткиликтүүлүгүнө мониторинг жүргүзүү системасын түзүү зарыл (2012-2016-жылдар). Көп функционалдуу борборлор калк үчүн электрондук мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнү жеткиликтүү кылуунун орду болуп калууга тийиш.
Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнү комплекстүү оптималдаштыруу негизинен кызмат көрсөтүүнүн акыркы натыйжасын алуу (анын ичинде ведомстволор аралык эриш-аркак иштөөнүн жолу менен), кызмат көрсөтүүнүн мөөнөтүн кыскартуу, арыз ээсинин материалдык чыгымдарынын нормативдерин аныктоо үчүн зарыл болгон кайрылуулардын санын азайтууга багытталган.
2. Администрациялык-аймактык реформанын экинчи этабы (2013-2014-жылдар)
Бул этапта төмөнкү иш-чарлар каралган:
- айыл аймактарын ирилетүү;
- кадр саясатын өркүндөтүү.
2.1. Айыл аймактарын ирилештирүү
Кыргызстанда администрациялык-аймактык бөлүнүшкө ылайык муниципалдык деңгээлде 25 шаардык жана 459 айылдык администрациялык-аймактык бирдик бар, алар 1800дөн ашык айылды бириктирет. Айылдык аймактарды азыркы бөлүштүрүү оптималдаштырууну талап кылат. Алсак, республикада бир гана айылдан турган 57 айылдык аймак бар, алардын көпчүлүгүндө калктын саны аз. Ошол эле мезгилде курамына 15ден ашык айыл кирген жана калкы 20 миңден ашык адамды түзгөн айылдык аймактар бар.
Айылдык аймактарды ирилештирүү үчүн деталдуу негиздөө, илимий экспертизаны жана экономикалык эсептөөлөрдү жүргүзүү талап кылынат.
Айылдык аймактарды оптималдаштыруу максатында төмөнкү негизги критерийлер боюнча муниципалдык администрациялык-аймактык бирдиктерди ирилештирүү сунуш кылынат:
- табигый-ландшафтык шарттар;
- калкынын саны 3000ге чейин адам болгон айыл аймактарын бириктирүүнүн зарылдыгы, буга бийик тоолуу, алыскы, жетүүгө кыйын жана чек арадагы калктуу конуштар кирбейт;
- муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн сактоо;
- муниципалдык башкарууну оптималдаштыруу;
- борборго жакындыгы (калк үчүн мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн жеткиликтүү болушу);
- экономикалык базанын бар болушу.
Ошол эле учурда калк арасында кеңири түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл, мунун өзү администрациялык-аймактык бирдиктерди ирилештирүү үчүн юридикалык барьерлерди жоюуга мүмкүндүк берет.
2.2. Кадрдык саясатты өркүндөтүү
Администрациялык-аймактык реформаны ийгиликтүү ишке ашыруу максатында кадрдык саясатты өркүндөтүүгө багытталган чараларды көрүү, анын ичинде төмөнкүлөр аркылуу көрүү зарыл:
- Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Башкаруу академиясында жана жергиликтүү деңгээлде - мамлекеттик жана муниципалдык органдарда кадрларды кесипкөй даярдоонун системасын өркүндөтүү;
- мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды окутуунун стратегиясынын долбоорун иштеп чыгуу;
- мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын ишин баалоонун системасын өркүндөтүү;
- мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды ваканттык кызмат орундарына тандоонун системасын өркүндөтүү.
3. Администрациялык-аймактык реформанын үчүнчү этабы (2015-2017-жылдар)
Бул этапта төмөнкүдөй иш-чаралар каралган:
- райондорду ирилештирүү;
- облустук деңгээлде башкаруу органдарын оптималдаштыруу.
3.1. Райондорду ирилештирүү
Азыркы мезгилде республикада мамлекеттик башкаруунун көптөгөн түзүмдөрү менен 40 район бар. Райондорду оптималдуу ирилештирүү мамлекеттик чыгымдарды анын ичинде министрликтердин жана ведомстволордун региондук бөлүмдөрүнүн чыгымдарын кошкондо, кыскартууга, администрациялык функцияларды минималдаштырууга, мамлекеттик региондук органдарды башкарууну өркүндөтүүгө, табигый, өндүрүштүк, адамдык, материалдык жана башка ресурстарды натыйжалуу башкарууга алып келет.
Ошол эле мезгилде райондорду ирилештирүү, райондордун санын оптималдаштыруу үчүн деталуу негиздөөнү, илимий экспертизаны жана экономикалык эсептөөлөрдү жүргүзүү боюнча чараларды көрүү талап кылынат, анын ичинде:
- табигый-ландшафтык шарттар;
- тиешелүү аймактагы калктын саны, буга алыскы жана жетүүгө кыйын калктуу конуштар кирбейт;
- борборго жакындыгы (калк үчүн мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн жеткиликтүү болушу);
- экономикалык базанын бар болушу.
3.2. Облустук деңгээлде башкаруу органдарын оптималдаштыруу
Реформанын бул этабын жүргүзүүнүн жүрүшүндө башкаруунун облустук түзүмдөрүн алардын ишине функционалдык талдоонун негизинде оптималдаштыруу жүргүзүлөт.
Тиешелүү аймактардын мамлекеттик жана муниципалдык бийлик органдарынын ишин координациялоо үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн региондогу ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарын оптималдуу кыскартуу маселеси каралат.
IV. Күтүлгөн натыйжалар жана мүмкүн болуучу тобокелдиктер
Администрациялык-аймактык реформаны сунуш кылынган вариантта жүргүзүү төмөнкүлөрдү камсыз кылат:
- башкаруунун ашыкча звенолорун жоюу, муну өзү тиешелүү натыйжаларга жетишүүгө, башкарууну жакшыртууга, башкаруу чыгымдарын кыскартууга мүмкүндүк берет;
- айылдык аймактардын санын оптималдаштыруу;
- мамлекеттик башкаруунун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун сапатын күчөтүү;
- мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жана жеткиликтүү болушун күчөтүү, коррупция үчүн мүмкүндүктөрдү чектөө;
- финансы каражаттарын үнөмдөө, адамдык, материалдык жана башка ресурстарды натыйжалуу пайдалануу;
- жарандардын мамлекеттик башкаруунун системасына болгон ишенимин калыбына келтирүү.
Администрациялык-аймактык башкаруунун жаңы системасы, ал эми ага өтүү белгилүү бир тобокелдиктер менен коштолот. Алардын абдан олуттуусу болуп реформага жана жаңы мамилелерге коомдун айрым топторунун каршы чыгуусу эсептелет. Мыйзамдык тобокелдиктер ушул Концепцияны ишке ашыруунун негизги тоскоолдуктарынын бири болуп саналат. Баштапкы этапта финансы чыгымдарынын олуттуу эмес көбөйүшү (кайра атоо, кайра уюштуруу, жаңы кызматтарды түзүү ж.б.) болуп өтөт, ал кийинки каражаттарды үнөмдөөнүн эсебинен компенсацияланат.
Кадрларды, айрыкча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын адистерин даярдоо деңгээлинин жаңы системадагы иштин талаптарына ылайык келиши проблема болот. Жашоону камсыз кылуу системасынын жана мамлекеттик жана муниципалдык системанын ишин башкаруунун деңгээлине коркунуч жок, бирок жаңы системага өтүүдө тигил же бул мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүүдө убактылуу токтоп калуулар болушу мүмкүн.
Бул коркунучту азайтуу үчүн калкка мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүү системасынын тигил же бул компоненттерин пилоттук иштеп чыгууну практикалоо зарыл. Жерлерди кайра бөлүштүрүүгө байланышкан маселелер келип чыгышы мүмкүн.
V. Концепцияны ишке ашыруу механизмдери
Бул Концепцияны иш жүзүндө ишке ашыруу максатында конкреттүү чараларды, жооптуу аткаруучуларды, аларды аткаруу мөөнөттөрүн караган иш-чаралар планы бекитилет жана Концепцияны ишке ашыруу процессин координациялоо координациялык кеңештин статусуна ээ болгон атайын түзүлгөн коллегиалдык органга жүктөлөт, анын курамына мамлекеттик бийлик органдарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коомдук уюмдардын, жарандык коомдун өкүлдөрү кирет.
Координациялык кеңеш тарабынан Концепцияны жана иш-чаралар планын ишке ашыруу процесстерине дайыма мониторинг жана талдоо жүргүзүлөт, алардын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө тиешелүү сунуштар киргизилет.
Концепцияны жана иш-чаралар планын ишке ашырууда финансылык жана техникалык колдоо алуу максатында эл аралык институттардын жана уюмдардын ишин координациялоо маанилүү кадам болот.
Координациялык кеңештин жумушчу органдары болуп Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин аппараты болот, анын милдеттерине иш-чаралар планын ишке ашыруу, Координациялык кеңештин жыйынына документтерди даярдоо, маалыматтык-талдоо жүргүзүү материалдары менен камсыз кылуу, берилген материалдарды иштеп чыгуу жана жалпылоо, Координациялык кеңештин чечимдерин тариздөө жана алардын аткарылышын контролдоо кирет.
Концепцияны ишке ашыруунун маанилүү учуру болуп жүргүзүлүп жаткан кайра түзүүлөрдүн ачык-айкындыгы болот. Маалыматтык айкындуулук коомчулукка реформалардын долбоорлорун толук жеткирүүгө жана талкуулоого, анын негизги принциптеринин бири катары саясий коньюнктурадан экономикалык-өндүрүштүк фактордун артыкчылыгын колдонууга мүмкүндүк берет.
Региондордун потенциалын өнүктүрүү ишкердик жана инвестициялык чөйрөнү түп тамырынан бери жакшыртууга, бизнес үчүн бюрократиялык тоскоолдуктарды жоюуга, ашыкча жана натыйжасыз администрациялык жөнгө салууну жоюуга, натыйжалуу менчик-мамлекеттик өнөктөштүктү жергиликтүү деңгээлде өнүктүрүүгө жардам берет.
Администрациялык-аймактык түзүлүш концепциясын иштеп чыгууда жана ишке ашырууда теориялык изилдөөлөр практикадан да өзүнчө болуп калышы мүмкүн. Ушуга байланыштуу администрациялык-аймактык түзүлүштү чечүүгө, жүргүзүлүп жаткан кайра өзгөртүүлөрдү, илимий экспертизаларды жана экономикалык эсептөөлөрдү негиздөөгө комплекстүү мамиле кылынат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 23-марты № 198
Кыргыз Республикасындагы администрациялык-аймактык реформанын концепциясы жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-октябрындагы № 581 токтомунун редакциясына ылайык)
Мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу институттарынын потенциалын өстүрүүгө, вертикалдык жана горизонталдык башкарууну жогорулатууга багытталган аткаруучу бийликтин натыйжалуу, бүтүн жана ачык тутумун өлкөдө калыптандыруу, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 21-январындагы № 11 "2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясы жөнүндө" Жарлыгы менен бекитилген 2013-2017-жылдардын мезгилине Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясында аныкталган мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кадрдык потенциалын чыңдоо, толук кандуу жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү маселелерин чечүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-октябрындагы № 581 токтомунун редакциясына ылайык)
1. Бекитилсин:
1-тиркемеге ылайык Кыргыз Республикасындагы администрациялык-аймактык реформанын концепциясы (мындан ары - Концепция);
2-тиркемеге ылайык Кыргыз Республикасындагы администрациялык-аймактык реформанын концепциясын ишке ашыруу боюнча Координациялык кеңеш жөнүндө жобо.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттик бир айлык мөөнөттө Концепцияны ишке ашыруу боюнча пландын долбоорун Кыргыз Республикасындагы администрациялык-аймактык реформанын концепциясын ишке ашыруу боюнча координациялык кеңештин бекитүүсүнө белгиленген тартипте киргизсин.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-октябрындагы № 581 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Министрликтер жана ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, мамлекеттик бийликтин башка органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары:
- Концепцияны ишке ашырууга ар тараптуу жардам көрсөтүшсүн;
- (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-октябрындагы № 581 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-октябрындагы № 581 токтомунун редакциясына ылайык)
4. (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-октябрындагы № 581 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнө, мамлекеттик башкаруу жана кадрдык иштер бөлүмүнө тапшырылсын.
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 28-октябрындагы № 581 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Премьер-министр | Ө. Бабанов |
1-тиркеме
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 23-мартындагы № 198 токтому менен бекитилген |