Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-февралындагы № 86 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2012-жылдын 27-марты № 209
Адистештирилген жардам берген саламаттык сактоо уюмдарын Бирдиктүү төлөөчү системасындагы каржылоого которуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын жарандарын социалдык коргоону күчөтүү жана Мамлекеттик кепилдиктердин программасы боюнча медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн калкка жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу, ошондой эле саламаттык сактоо уюмдарын иштин натыйжасы боюнча каржылоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Адистештирилген медициналык жардам берген саламаттык сактоо уюмдарын Бирдиктүү төлөөчү системасындагы каржылоого которуунун графиги 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2012-жылдын 1-июлуна чейинки мөөнөттө, ушул токтомдун 1-тиркемесинде аталган уюмдарды каржылоо үчүн республикалык бюджеттин чыгымдарын чыгымдарды экономикалык классификациялоонун 22161 «Саламаттык сактоо системасында бирдиктүү беренеде берилген чыгымдар» беренеси боюнча, бөлүнгөн бюджеттик каражаттардын чегинде 2012-жылга карасын.
3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги:
- Мамлекеттик кепилдиктер программасын андан ары аткаруу максатында, Бирдиктүү төлөөчү системасындагы каржылоого которулуучу адистештирилген уюмдардын уюштуруу түзүмдөрүн жана бюджеттик чыгымдарын оптималдаштырууну иш-чараларды которуунун мөөнөтүндө аяктоо менен жүргүзсүн;
- медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу максатында, адистештирилген саламаттык сактоо уюмдарында дарылануучу пациенттер үчүн негизги оорулар боюнча клиникалык протоколдорду/ колдонмолорду иштеп чыксын.
4. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен бирдикте Бирдиктүү төлөөчү системасындагы каржылоого которулуучу уюмдардын кредитордук карызына инвентаризация жүргүзсүн жана которуу учуруна карата аларды жоюу боюнча чараларды көрсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду менен бирдикте Бирдиктүү төлөөчү системасындагы каржылоого которулуучу уюмдар үчүн адистештирилген медициналык кызмат көрсөтүүлөр боюнча каржылоонун базалык нормативдерин эсептөөнүн методикасын 2012-жылдын 1-июлуна чейинки мөөнөттө иштеп чыксын жана бекитсин.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду адистештирилген медициналык жардам берген саламаттык сактоо уюмдарын Бирдиктүү төлөөчү системасындагы каржылоого которуу боюнча даярдоочу иш-чараларды 2012-жылдын 1-апрелинен баштап жүргүзсүн.
7. Бул токтомдун 1-тиркемесинде аталган уюмдардын адистештирилген саламаттык сактоо уюмдарынын тармагын реструктуралоонун, уюштуруу түзүмүн, персоналдын штаттык санын, койкалык фондун оптималдаштыруунун процессинде бошотулган бюджеттик каражаттары республикалык бюджетке алынбай тургандыгы жана тиешелүү уюмдардын, кызматтардын бюджеттерине реинвестиция кылынаары белгиленсин.
8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 21-майындагы № 184 «Саламаттык сактоону программалык негизде каржылоо жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин: