Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2025-жылдын 8-декабрындагы № 787
токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
| Кыргыз Республикасынын Ɵкмөтүнүн 2011-жылдын 15-августундагы № 467 токтому менен бекитилген |
Баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучулары үчүн белгиленген өздүк каражаттардын жетиштүүлүгүнүн нормативдик көрсөткүчтөрү жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 10-июнундагы № 334, 2014-жылдын 22-августу № 478, 2014-жылдын 26-августундагы № 485, 2023-жылдын 13-январындагы № 9 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
2. Өздүк каражаттардын жетиштүүлүгүнүн нормативдик көрсөткүчтөрү
1. Жалпы жоболор
1. Бул Жобо "Баалуу кагаздар рыногу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык иштелип чыкты жана ал өздүк каражаттардын жетиштүүлүгүнүн нормативдерин баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучуларынын милдеттүү түрдө сакташын белгилейт.
2. Өздүк каражаттардын жетиштүүлүгүнүн нормативдерин төмөнкүдөй максаттарда сактоо керек:
- базанын кирешелүү жана туруктуу өсүшүн камсыз кылуу;
- баалуу кагаздар менен жасалган операциялардын кооптуулугун азайтуу;
- кесипкөй катышуучулардын иши менен байланышкан чыгымдарды жана жоготууларды өз учурунда жаап туруу;
- баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучуларына карата болгон инвесторлордун ишеничин жогорулатуу.
3. Өздүк каражаттардын реалдуу жетиштүүлүгүн баалоо учурунда баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган ушул Жободо белгиленген нормативдик көрсөткүчтөрдөн тышкары төмөнкүдөй башка көрсөткүчтөрдү да эске алат:
- башкаруунун сапаты;
- баалуу кагаздар боюнча мыйзамдардын сакталышы;