Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 10-мартындагы № 169 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2012-жылдын 12-июнундагы № 408
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы № 791 «Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин суучулдарды даярдоо борбору жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 115 «Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө» токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы № 791 «Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин суучулдарды даярдоо Борбору жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- аталышында жана бүткүл тексти боюнча түрдүү жөндөмөлөрдөгү «Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин суучулдарды даярдоо жана суу алдындагы техникалык иштерди аткаруу борбору» деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү «Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Суучулдарды даярдоо жана суу алдындагы техникалык иштерди аткаруу борбору (Суучулдар кызматы)»деген сөздөргө алмаштырылсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Суучулдарды даярдоо жана суу алдындагы техникалык иштерди аткаруу борбору жөнүндө жободо:
- аталышында жана бүт тексти боюнча түрдүү жөндөмөлөрдөгү «Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Суучулдарды даярдоо жана суу алдындагы техникалык иштерди аткаруу борбору» деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү «Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Суучулдарды даярдоо жана суу алдындагы техникалык иштерди аткаруу борбору (Суучулдар кызматы)»деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 4-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«4. Борбордун расмий толук аталышы:
- мамлекеттик тилде: Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Суучулдарды даярдоо жана суу алдындагы техникалык иштерди аткаруу Борбору (Суучулдар кызматы);
- расмий тилде: Центр подготовки водолазов и проведения подводно-технических работ (Водолазная служба) при Министерстве чрезвычайных ситуаций Кыргызской Республики;
Борбордун кыскартылган расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде: «КР ӨКМ караштуу Суучулдар кызматы»;