Загрузка документа…
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 31-январы №67
"Манас" эпосун сактоо, изилдөө жана кеңири жайылтуу боюнча Кыргыз Республикасынын 2012-2017-жылдардагы мезгилге карата улуттук программасы жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 6-августундагы № 549 токтомунун редакциясына ылайык)
"Манас" эпосунун гумандуу идеяларын кеңири пропагандалоо максатында, анын жаш муундарды руханий тарбиялоодо жана Кыргызстан элинин биримдигин бекемдөөдө бөксөргүс ролун эске алуу менен, ошондой эле Кыргыз Республикасынын оозеки жана материалдык эмес маданий мурастарын коргоону, жайылтуунун жана изилдөөнү камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелгендер бекитилсин:
- "Манас" эпосун сактоо, изилдөө жана кеңири жайылтуу боюнча Кыргыз Республикасынын 2012-2017-жылдардагы мезгилге карата улуттук программасы (мындан ары - Улуттук программа);
- "Манас" эпосун сактоо, изилдөө жана кеңири жайылтуу боюнча Кыргыз Республикасынын 2012-2017-жылдардагы мезгилге карата улуттук программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планы (мындан ары - Иш-чаралар планы);
2. Кыргыз Республикасынын Маданият жана туризм министрлиги, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы (макулдашуу боюнча), Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кинематография мамлекеттик агенттиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы жыл сайын бюджетти түзүүдө Иш-чаралар планын жүзөгө ашырууга каражат караштырышсын.
3. Министрликтер, администрациялык ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар:
- Иш-чаралар планын аткаруу боюнча чара көрүшсүн;
- квартал сайын, отчеттук кварталдан кийинки айдын 25-күнүнөн кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Маданият жана туризм министрлигине Иш-чаралар планын аткаруунун жүрүшү жөнүндө маалымат беришсин.
4. Кыргыз Республикасынын Маданият жана туризм министрлиги жыл сайын, 1-февралдан кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына Иш-чаралар планынын аткарылышы жөнүндө жалпыланган маалымат берсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык жана гуманитардык өнүктүрүү бөлүмүнө тапшырылсын.
6. Бул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри | Ө.Бабанов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 31-январындагы №67 токтому менен бекитилген |
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 6-августундагы № 549 токтомунун редакциясына ылайык)
┌──┬────────────────┬────────────┬────────┬─────────┬─────┬───────────┐
│№ │ Иш-чара │ Жооптуу │Сметалык│ Каржылоо│Атка-│ Күтүлгөн │
│ │ │аткаруучулар│ наркы │ булагы │ руу │ натыйжалар│
│ │ │ │ │ │ мөө-│ │
│ │ │ │ │ │ нөтү│ │
├──┼────────────────┼────────────┼────────┼─────────┼─────┼───────────┤
│1 │"Кыргыз │ МТМ, УИА │Керек │Керек │2012-│Материалдык│
│ │Республикасынын │(макулдашуу │эмес │эмес │жыл │эмес │
│ │материалдык эмес│боюнча) │ │ │ │маданий │
│ │маданий │ │ │ │ │мурастарды │
│ │мурастарын │ │ │ │ │сактоо, │
│ │коргоо жөнүндө" │ │ │ │ │пайдалануу │