Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2024-жылдын 12-июнундагы № 304 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
2012-жылдын 10-февралы № 85
Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестрин (тизмесин) бекитүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-сентябрындагы № 643, 2013-жылдын 9-апрелиндеги № 179, 1 июля 2013 года № 395, 2013-жылдын 27-августундагы № 468, 2014-жылдын 10-февралындагы № 80, 2014-жылдын 17-мартындагы № 144, 2014-жылдын 15-майындагы № 259, 2014-жылдын 18-ноябры № 655, 2015-жылдын 26-марты № 160, 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 191, 2016-жылдын 4-августундагы № 430, 2017-жылдын 17-январындагы № 20, 2017-жылдын 3-февралындагы № 63, 2017-жылдын 10-майындагы № 258, 2017-жылдын 15-майындагы № 279, 2017-жылдын 23-июнундагы № 406, 2017-жылдын 2-октябрындагы № 639, 2017-жылдын 23-ноябрындагы № 769, 2018-жылдын 2-апрелиндеги № 177, 2018-жылдын 23-ноябрындагы № 552, 2019-жылдын 29-июлундагы № 372, 2019-жылдын 18-октябрындагы № 559, 2020-жылдын 9-июнундагы № 318, 2020-жылдын 22-сентябрындагы № 496, 20 января 2021 года № 15, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 12-августу № 125, 2022-жылдын 18-февралындагы № 86, 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 194, 14-апрелиндеги № 215, 2022-жылдын 31-майындагы № 289, 2022-жылдын 23-сентябрындагы N 520, 2022-жылдын 14-декабрындагы № 674, 2022-жылдын 16-декабрындагы № 685 , 2023-жылдын 26-апрелиндеги № 229 , 2023-жылдын 10-июлундагы №345, 2023-жылдын 28-августундагы № 438, 2023-жылдын 12-сентябрындагы № 459, 2023-жылдын 19-октябрындагы № 558, 2024-жылдын 5-февралындагы № 45 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Жарандарга жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү мамлекеттик кызматтардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча милдеттерди ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери көрсөтүүчү Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү реестри (тизмеси) (мындан ары - Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн реестри) тиркемеге ылайык бекитилсин.
(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-январындагы № 20 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана ведомстволук мекемелери:
- ушул токтомдун 1-пункту менен бекитилген Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрин 2012-жылдын 1-июнунан тартып жетекчиликке алышсын;
- Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн реестрине киргизилбеген акы төлөмө мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүгө жол беришпесин.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-сентябрындагы № 643, 2017-жылдын 17-январындагы № 20 токтомунун редакциясына ылайык)
21. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн наркы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык түзүлөөрү жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу монополияга каршы мамлекеттик органы менен макулдашкандан кийин бекитилээри белгиленсин. Акы төлөөнүн негизиндеги билим берүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн баасы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык белгиленет жана бекитилет.
(КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-сентябрындагы № 643, 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 191 токтомдорунун редакциясына ылайык)