Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 18-февралы №108
Ишкердик иш-аракетти жүзөгө ашырууда тобокелдик даражасын баалоо критерийлерин бекитүү жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 15-июнундагы № 422, 2012-жылдын 12-декабрындагы № 829, 2013-жылдын 19-декабрындагы № 681, 2015-жылдын 12-июну № 353, 2015-жылдын 30-июлу № 543, 2016-жылдын 31-мартындагы № 167, 2016-жылдын 25-ноябрындагы № 622, 2017-жылдын 29-мартындагы № 188, 2018-жылдын 19-апрелиндеги № 214 , 2019-жылдын 19-июлундагы № 361, 2019-жылдын 6-сентябрындагы № 455, 2019-жылдын 18-октябрындагы № 558, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-августундагы № 450, 2022-жылдын 7-декабрындагы № 668, 2023-жылдын 28-сентябрындагы № 513, 2025-жылдын 16-октябрындагы № 671 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-январындагы № 26 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасын ишке ашыруу боюнча 2011-жылга карата иш-чаралардын "Экономика жана коопсуздук" планын бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн программасын ишке ашыруу боюнча 2011-жылга карата иш-чаралардын "Экономика жана коопсуздук" планынын 113-пунктун ишке ашыруу, ошондой эле ишкердик субъекттеринин иштерин текшерүү натыйжалуулугун жогорулатуу, ишкердик субъекттеринин ишине мамлекеттик органдардын негизсиз жана ашыкча кийлигишүүсүн болтурбоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген Ишкердик иш-аракетти жүзөгө ашырууда тобокелдик даражасын баалоо критерийлери (мындан ары - тобокелдик критерийлери) бекитилсин.
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- ишкердик субъекттерине текшерүү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдар ушул токтомдун 1-пункту менен бекитилген тобокелдик критерийлерине ылайык пландуу текшерүүлөрдү жүргүзүшөт;
- тобокелдик даражасы боюнча ишкердик субъекттерин бөлүштүрүүнү ишкердик субъекттерин текшерүү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдар жүргүзүшөт;
- тобокелдик критерийлерин өз учурунда эмес жана сапатсыз ишке киргизгендиги үчүн жоопкерчиликти ишкердик субъекттерин текшерүү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдардын жетекчилери тартышат.
3. Ишкердик субъекттерин текшерүү жүргүзүүгө укугу бар ыйгарым укуктуу органдар ушул токтомдун 1-пункту менен бекитилген тобокелдик даражаларын расмий веб-сайттарга жайгаштырууга милдеттүү.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри | Ө.Бабанов |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-февралындагы №108 токтому менен бекитилди |
Ишкердик иш аракетти жүзөгө ашырууда тобокелдиктин даражасын баалоонун КРИТЕРИЙЛЕРИ
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 15-июнундагы № 422, 2012-жылдын 12-декабрындагы № 829, 2013-жылдын 19-декабрындагы № 681, 2015-жылдын 12-июну № 353, 2015-жылдын 30-июлу № 543, 2016-жылдын 31-мартындагы № 167, 2016-жылдын 25-ноябрындагы № 622, 2017-жылдын 29-мартындагы № 188, 2018-жылдын 19-апрелиндеги № 214 , 2019-жылдын 19-июлундагы № 361, 2019-жылдын 6-сентябрындагы № 455, 2019-жылдын 18-октябрындагы № 558, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-августундагы № 450, 2022-жылдын 7-декабрындагы № 668, 2023-жылдын 28-сентябрындагы № 513, 2025-жылдын 16-октябрындагы № 671 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-бөлүм Жалпы жоболор