Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2012-жылдын 2-майы № 267
Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркын түзүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-февралындагы № 88, 2026-жылдын 29-майындагы № 376 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
"Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркынын дирекциясы түзүлсүн.
2. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркынын Байкоочу кеңеши жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркынын резиденттерин каттоо тартиби жөнүндө жобо 2-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркынын дирекциясынын уставы 3-тиркемеге ылайык.
3. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд менен бирдикте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Иш башкармалыгына Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркынын дирекциясын жайгаштыруу үчүн Бишкек шаарынан администрациялык жай берүү боюнча сунушту белгиленген тартипте киргизсин;
- 2012-жылга республикалык бюджетте Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине каралган каражаттардын эсебинен жана анын чегинде Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркынын дирекциясын оргтехника жана кеңсе эмеректери менен камсыздасын.
- Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркынын дирекциясын мамлекеттик каттоону белгиленген тартипте жүргүзсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын реалдуу сектор жана инфраструктура бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Ө.Бабанов |
| 3-тиркеме Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 2-майындагы № 267 токтому менен бекитилген |