Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 9-октябрындагы № 650 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 1-августундагы № 525 токтому менен бекитилген
Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун кызмат адамдарына коюлуучу квалификациялык талаптар жөнүндө ЖОБО
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 26-августундагы № 485, 2015-жылдын 26-марты № 159, 2017-жылдын 1-августундагы № 456, КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 12-июнундагы № 305 токтомдорунун редакциясына ылайык)
1. Бул жобо камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун кызмат адамдарынын өз милдеттерин жана тапшырмаларын аткаруу үчүн алардын компетенттүүлүк, квалификациялык ак ниеттүүлүк деңгээлине ылайык коюлуучу квалификациялык талаптарды белгилейт.
2. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмунун кызмат адамдары төмөнкүлөр болуп саналат:
- аткаруу органынын жеке же коллегиялуу жетекчиси;
- коллегиялуу аткаруу органынын мүчөлөрү;
- башкы бухгалтер жана ички аудитор.
3. Камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдарынын кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын аймагында камсыздандыруу ишин жүргүзүү жана өздөрүнүн иш милдеттерин аткаруу үчүн, бул Жободо белгиленген квалификациялык талаптарга ылайыктуулугун, Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу көзөмөлү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын (мындан ары ыйгарым укуктуу орган) макулдугунан өтүүсү зарыл.
Макулдашуу төмөнкүдөй учурларда жүргүзүлөт:
- камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдары жаңы түзүлгөндө камсыздандыруу ишин жүргүзүүгө укук берүүчү лицензияны алуу үчүн;
- камсыздандыруу (кайра камсыздандыруу) уюмдарынын кызмат адамдарынын курамы өзгөргөн учурда.