Загрузка документа…
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 25-сентябрындагы N 648 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызматта соттук экспертизалар жүргүзүү жөнүндө НУСКАМА
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 18-ноябрындагы № 568, Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 11-октябрындагы № 213, 2021-жылдын 24-декабрындагы № 350, 2023-жылдын 12-декабрындагы № 660 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Нускама Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызматта (мындан ары - СЭК) жүргүзүлө турган соттук экспертизаларды дайындоо жана жүргүзүү шарттарын жана тартибин аныктайт.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 18-ноябрындагы № 568, Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 11-октябрындагы № 213, 2021-жылдын 24-декабрындагы № 350 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-1. СЭК төмөнкүдөй багыттар боюнча соттук экспертиза жүргүзөт:
1) автотехникалык экспертиза;
2) баллистикалык экспертиза;
3) видеотехникалык экспертиза;
4) жарылууга техникалык экспертиза;
5) компьютердик-техникалык экспертиза;
6) материалдардын, заттардын жана буюмдардын криминалистикалык экспертизасы;
7) лингвистикалык экспертиза;
8) кол жазма таануу экспертизасы;
9) өрт-техникалык экспертиза;
10) психологиялык экспертиза;
11) дин таануу экспертизасы;
12) курулуш-техникалык экспертиза;
13) документтердин техникалык экспертизасы;
14) трасологиялык экспертиза;
15) транспорттук-трасологиялык экспертиза;
16) фоноскопиялык экспертиза;
17) экономикалык экспертиза.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-декабрындагы № 660 токтомунун редакциясына ылайык)
2. (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 18-ноябрындагы № 568 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Соттук экспертизаны (мындан ары - экспертиза) дайындоо үчүн негиз болуп ишти жана материалдарды иликтөө процессинде (караштырууда) белгиленген экспертиза формасында атайын таанымдарды пайдалануу менен жагдайларды тактоо зарылдыгынын келип чыгышы эсептелет.
4. СЭКде соттук экспертиза жүргүзүү үчүн негиз болуп соттук экспертиза жүргүзүүнү дайындоо укугуна ээ болгон органдардын (жактардын) токтомдору (аныктамалары) эсептелет.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 18-ноябрындагы № 568, Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 350 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
5. Сот экспертинин компетенциясына анын алдына коюлган маселелерди өзүнүн атайын билимдеринин негизинде чечүү үчүн экспертизага келип түшкөн материалдарды изилдөө жана корутунду берүү кирет.
6. Татаал эксперттик изилдөөлөрдү жүргүзүү зарыл болсо алар эксперттер комиссиясы (комиссиялык экспертиза) тарабынан жүргүзүлөт, ал эми эксперттик адистиктердин же даярдык түрлөрүнүн ар түрдүү түрлөрүнө тиешелүү атайын таанымдарды пайдалануунун негизинде иштин жагдайларын белгилөө үчүн СЭКде тиешелүү адистиктердеги эксперттерге тапшырылуучу комплекстүү экспертизалар жүргүзүү уюштурулат.
СЭКнын эксперттери СЭКнын жетекчиси же анын орун басары тарабынан экспертиза жүргүзүүнү дайындаган орган уюштуруучу комплекстүү ведомстволор аралык экспертизалар жүргүзүү үчүн комиссиянын курамына киргизилиши мүмкүн.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 18-ноябрындагы № 568, Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 350 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2. СЭКге экспертиза жүргүзүү үчүн жөнөтүлүүчү материалдарды тариздөө
7. Экспертиза, аны белгилеген орган (жак) тарабынан экспертизаны өткөрүү үчүн зарыл болгон материалдарды бергенден кийин жүргүзүлөт.
8. Экспертиза өткөрүү үчүн төмөнкүлөр берилиши керек:
- экспертиза дайындоо жөнүндө токтом (аныктама) коштомо каты менен, анда төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш: чыгаруу номери жана датасы; ______ барактагы тиркемеси;
- эксперттик изилдөөнүн объекттери болуп саналган предметтер жана документтер.
Зарыл болгон учурларда салыштырмалуу иликтөө үчүн үлгү болуп саналган предметтер жана документтер, ага тете эле экспертиза предметине тиешеси бар маалыматтарды камтыган документтер (карап көрүү, суракка алуу жана башка тергөө аракеттеринин протоколдору, маалымкаттар, көчүрмөлөр, фотосүрөттөр ж.б.) да берилет.
Документтердин түп нускалары жоголгон же жок кылынган учурда аталган документтердин экспертиза дайындаган орган (жак) тарабынан белгиленген тартипте күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү берилет.
Эксперттик изилдөө объекттеринин аныктыгына жана жол берилгендигине экспертиза дайындаган орган (жак) кепилдик берет.
(КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-декабрындагы № 660 токтомунун редакциясына ылайык)
9. Экспертиза дайындоо жөнүндө токтомдо (аныктамада) төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
а) экспертиза дайындоо жөнүндө токтомдун (аныктаманын) датасы жана түзүлгөн орду, аны дайындаган органдын аталышы, кылмыш ишинин, жоруктар жөнүндө иштин, бузуулар жөнүндө иштин, жарандык, администрациялык, экономикалык иштин же экспертиза дайындалган аткаруучу өндүрүштүн номери;
б) экспертиза дайындоо үчүн негиздер (атайын билимдердин базасында чечүү болжолдонгон иштин маңызынын кыскача баяндамасы жана маселенин сүрөттөлүшү);
в) экспертиза жүргүзүлүүгө тийиш болгон эксперттик мекеменин аталышы же эксперттин аты-жөнү;
г) эксперттин алдына коюлган суроолор так баяндалып, ачык айкын мүнөздө болууга жана укуктук баа берүүнү талап кылбоого тийиш;
д) эксперттин колдонуусуна берилүүчү материалдар:
- эксперттик иликтөөнүн объекттери (предметтер, документтер);
- салыштырмалуу изилдөө үчүн үлгүлөр жана экспертизанын предметине тиешелүү болгон малыматтарды камтыган документтер;
- экспертизаны жүргүзүү үчүн мааниге ээ болгон башка материалдар;
е) экспертиза дайындаган адамдын аты-жөнү, кызмат орду жана колтамгасы.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 18-ноябрындагы № 568 токтомунун редакциясына ылайык)
10. Ар башка эксперттик мекемелердин штаттарында турган эки жана андан көп эксперттерди талап кылуучу экспертиза жүргүзүү үчүн токтомдо (аныктамада) бул изилдөө кандай адистиктеги эксперттер тарабынан өткөрүлүшү керектиги, кайсы эксперттик мекемеге эксперттер комиссиясынын ишин уюштуруу милдети жүктөлө тургандыгы жана кайсы эксперттик мекемеге эксперттик изилдөөнүн объектери жана башка материалдар жөнөтүлгөндүгү көрсөтүлүшү керек. Көрсөтүлгөн учурда экспертиза дайындоо жөнүндө токтомдордун (аныктамалардын) көчүрмөлөрү бул мекемелердин ар бирине жөнөтүлөт.
11. Кошумча же кайрадан экспертиза дайындалган учурда, ушул Нускаманын 8-пунктунда көрсөтүлгөн материалдардан тышкары, СЭКге мурда өткөрүлгөн экспертизалардын корутундулары (актылары) бардык тиркемелери менен (фотосүрөттөр, эксперименталдык материалдар жана башка) берилет (же болбосо корутунду берүүнүн мүмкүн эместиги тууралуу билдирүү берилет). Кошумча экспертиза дайындалганда экспертизаны белгилеген органдын колуна баштапкы корутунду берилгенден кийин (же болбосо корутунду берүүнүн мүмкүн эместиги тууралуу билдирүүдөн кийин) келип тийген экспертиза предметине тиешелүү болгон кошумча материалдар дагы берилет.
Кошумча же кайрадан экспертиза дайындоо жөнүндө токтомдо (аныктамада) милдеттүү түрдө аны дайындоонун жүйөө-себептерин жана негиздери көрсөтүлөт.
Экспертиза дайындаган адамдын жазуу жүзүндөгү талабы боюнча экспертизага берилген материалдар экспертиза жүргүзүлбөстөн кайтарылышы мүмкүн.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 18-ноябрындагы № 568, Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 11-октябрындагы № 213, 2021-жылдын 24-декабрындагы № 350 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
12. Процесстик мыйзамдардын талаптары же экспертизага жиберилген материалдарды тариздөө эрежелери сакталбаган учурда СЭКтин (анын түзүмдүк бөлүмүнүн) жетекчиси берилген материалдардагы кемчиликтерди жоюу үчүн тиешелүү материалдарды аткарбастан үч жумуш күндүн ичинде экспертизаны дайындаган органга кайтарат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 11-октябрындагы № 213, 2021-жылдын 24-декабрындагы № 350 токтомдорунун редакцияларына ылайык)