Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

2023-жылдын 13-декабрындагы № 675

токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

2012-жылдын 28-майы № 323

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-августундагы № 451 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын типтүү түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

"Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-августундагы № 451 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын типтүү түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:

- аталган токтом менен бекитилген айыл өкмөтүнүн типтүү түзүмү жана штаттык саны ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда берилсин.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

Ө.Бабанов

 

Тиркеме

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2011-жылдын 5-августундагы

№ 451 токтому менен

бекитилген

Айыл өкмөтүнүн типтүү түзүмү жана штаттык

САНЫ

┌──────────────────────────────────────────────┬──────────────────────┐

│              Кызматтын аталышы               │ Калктын саны боюнча  │

│                                              │штаттык сан (миң адам)│