Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2012-жылдын 28-майы № 329

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 токтомунун редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 23-декабрындагы № 1451-V токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн "Стабилдүүлүк жана бакубат жашоо" программасын ишке ашыруу боюнча 100 күндүк иш-чаралардын планын жүзөгө ашырууну камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 4-августундагы № 421 "Жолдо жүрүүнүн эрежелерин жана Транспорт каражаттарын пайдаланууга чыгаруу боюнча жана кызмат адамдарынын жолдо жүрүүнүн коопсуздугун камсыздоодогу милдеттери боюнча негизги жоболорду бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жолдо жүрүү эрежелеринде:

2.1.1-пункттагы төртүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"ушул транспорт каражатына IV топтогу мүлк үчүн салыкты төлөгөндүгүн ырастаган, же аны төлөөдөн бошотулгандыгын күбөлөндүргөн документти;".

2. (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 13-сентябрындагы № 687 "Кылмыштуулукка каршы күрөштү күчөтүү жана автотранспорт каражаттарын башкарууга ишеним каттарды каттоонун бирдиктүү системасын киргизүү боюнча чаралар жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 18-сентябрындагы № 664 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 2-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-октябрындагы № 232 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 2-пункту.

4. Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдары өздөрүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

5. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.

6. Бул токтом 2012-жылдын 11-июнунан баштап күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

 

Ө.Бабанов