Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 8-сентябрындагы № 572 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2011-жылдын 5-январы №2
Кыргыз Республикасында дары-дармек каражаттарына рецепт жазуу жана аларды берүү тартибин бекитүү жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 22-апрелиндеги № 232, 2018-жылдын 22-майындагы № 242, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 25-октябрындагы № 571 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
"Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө", "Дары-дармек каражаттары жөнүндө" жана "Баңги каражаттар, психотроптук заттар жана прекурсорлор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, калкка дары-дармек жактан жардам көрсөтүү сапатын жогорулатуу, рецепт жазуу жана дары-дармек каражаттарын берүү тартибин кынтыксыз аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- дары-дармек каражаттарына рецепт жазуу эрежелери;
- рецептердин бланктарынын формалары;
- саламаттык сактоо уюмдарда жана фармацевттик уюмдарда предметтик-сандык эсепке алына турган дары-дармектердин тизмеги;
- фармацевттик уюмдардан дары-дармек каражаттарын берүү эрежелери;
- саламаттык сактоо уюмдарында талаптарды жазып берүү эрежелери;
- рецепттик бланктарды сактоо тартиби жөнүндө нускама;
- фармацевттик уюмдардын дары-дармек каражаттарын берүүсүн контролдоо тартиби.
- Дарыкана уюмдары аркылуу сатылуучу медициналык багыттагы товарлардын жана буюмдардын тизмеги.