Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын

Министрлер Кабинетинин

2023-жылдын 13-декабрындагы № 675

токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

2013-жылдын 5-марты № 114

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды мамлекеттик тилге окутуу жана иш кагаздарын жүргүзүүнү мамлекеттик тилге өткөрүү боюнча чаралар жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-сентябрындагы № 497 токтомунун редакциясына ылайык)

"Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 22-апрелиндеги № 370-V "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдерин ишке ашыруу боюнча комплекстүү чаралар тууралуу" токтомун аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик кызматчыларынын мамлекеттик тилди үйрөнүүсү үчүн шарттарды түзүү жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратында иш кагаздарын жүргүзүүнү мамлекеттик тилге өткөрүү боюнча иш-чаралардын планы 1-тиркемеге ылайык;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын мамлекеттик кызматчыларын мамлекеттик тилге окутуунун программасы 2-тиркемеге ылайык.

2. Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитети, администрациялык ведомстволору, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялары мамлекеттик кызматчылардын мамлекеттик тилди үйрөнүүсү үчүн шарттарды түзүү жана иш кагаздарын жүргүзүүнү мамлекеттик тилге өткөрүү боюнча иш-чаралардын пландарын, ошондой эле мамлекеттик кызматчыларды мамлекеттик тилге окутуунун программаларын каржылоо булактарын аныктоо менен 2013-жылдын 15-мартына чейинки мөөнөттө бекитишсин.

3. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына муниципалдык кызматчылардын мамлекеттик тилди үйрөнүүсү үчүн шарттарды түзүү жана иш кагаздарын жүргүзүүнү мамлекеттик тилге өткөрүү боюнча иш-чаралардын пландарын, ошондой эле муниципалдык кызматчыларды мамлекеттик тилге окутуунун программаларын каржылоо булактарын аныктоо менен 2013-жылдын 15-мартына чейинки мөөнөттө бекитүү сунуш кылынсын.

4. (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-сентябрындагы № 497 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

5. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссияга Терминологиялык комиссиянын ишин жандандыруу сунушталсын.

6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары К.Б.Бактыгуловго жүктөлсүн.