Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 13-декабрындагы № 675
токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2013-жылдын 5-марты № 109
Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдар тутумундагы функциялык жана түзүмдүк өзгөртүүлөр жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 4-июлундагы № 370, 2014-жылдын 13-ноябрындагы № 645, 2014-жылдын 14-ноябры № 650 , 2019-жылдын 30-июлундагы № 382 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ишин оптималдаштыруу, алардын милдеттерин жана функцияларын чектеп бөлүү максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2013-жылдын 21-февралындагы № 2798-V "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 5-сентябрындагы № 2265-V токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр өзгөртүп түзүлсүн:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынан маалымат саясаты чөйрөсүндөгү функцияларды өткөрүп берүү менен Кыргыз Республикасынын Маданият жана туризм министрлиги Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине;
- Кыргыз Республикасынын Жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлиги Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигине;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Санитариялык, ветеринариялык жана фитосанитариялык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясына.
2. Төмөнкүлөр түзүлсүн:
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана региондук өнүктүрүү иштери боюнча функцияларды алып салуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттигинин базасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги;
- өзгөртүлүп түзүлүүчү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курулуш жана региондук өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттигинен өз алдынча башкаруу иштери боюнча функцияларды, финансылык, материалдык-техникалык каражаттары менен 32 бирдик санындагы штатты өткөрүп берүү менен этностор аралык мамилелер иштери боюнча функцияларды жүктөп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги;
- финансылык, материалдык-техникалык каражаттары менен 51 бирдик санындагы штатты өткөрүп берүү менен Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу Атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча департаменттин базасында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги.
- Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигинин алдындагы Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик департаменттин базасында 21 бирдик сандагы штатын, финансылык жана материалдык-техникалык каражаттарын өткөрүп берүү менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттик.