Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 28-декабрындагы № 888 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2013-жылдын 7-майы № 252

 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 121 "Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-мартындагы № 109 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдар тутумундагы функциялык жана түзүмдүк өзгөртүүлөр жөнүндө" токтомунун 3-пунктунун төртүнчү абзацына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 121 "Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

- преамбуласындагы "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 23-декабрындагы № 1452-V "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн түзүмү жөнүндө" токтомуна," деген сөздөр жана цифралар алып салынсын;

- 2-пункту "укуктук мураскери" деген сөздөрдөн кийин ", турмуштук оор кырдаалга туш болгон балдарды коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган" деген сөздөр менен толукталсын;

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлиги жөнүндө жободо:

1-пунктундагы "колдоо маселелерин" деген сөздөр ", турмуштук оор кырдаалга туш болгон балдарды колдоо маселелерин, ошондой эле үй-бүлө жана гендердик өнүктүрүү жаатындагы маселелерди" деген сөздөргө алмаштырылсын;

6-пунктунун экинчи абзацы "өнүктүрүү" деген сөздөн кийин ", турмуштук оор кырдаалга туш болгон балдарды коргоо" деген сөздөр менен толукталсын;

6-пункт төмөнкү мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:

"- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык гендердик теңчиликти камсыз кылуу;";

7-пункт:

"а" пунктчасы төмөнкү мазмундагы алтынчы-сегизинчи абзацтар менен толукталсын;

"- улуттук гендердик саясаттын артыкчылыктарын аныктоо жана милдеттерин түзүү үчүн сунуштарды иштеп чыгат;

- гендердик чөйрөдөгү кырдаалга талдоо жана мамлекеттик гендердик саясатты ишке ашырууга мониторинг жүргүзөт;

- социалдык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү эмгек ресурстарынын муктаждыктарына болжолду ишке ашырат;";

"б" пунктчасы төмөнкү мазмундагы он үчүнчү абзац менен толукталсын:

"- гендер маселелери боюнча усулдук жана консультациялык жардам көрсөтөт;";

"г" пункчасы төмөнкү мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:

"- кызыкдар министрликтер, административдик ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен гендер маселелерин чечүүдө эриш-аркак иштейт;";

11-пунктта:

бешинчи абзац төмөнкү редакцияда берилсин:

"- Министрликтин борбордук аппаратынын, Министрликтин ведомстволук, аймактык бөлүмдөрүнүн жана мекемелеринин түзүмүн Министрликтин милдеттери жана функциялары өзгөртүлгөндүгүнө байланыштуу гана бекитет.

Министрди кызматка дайындоо Министрликтин түзүмүн өзгөртүү үчүн негиз болуп саналбайт;

- Министрликтин борбордук аппаратынын, Министрликтин ведомстволук, аймактык бөлүмдөрүнүн жана мекемелеринин штаттык ырааттамасын бекитет;".

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

Ж.Сатыбалдиев