Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 12-июлундагы № 350 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2013-жылдын 3-майы № 239

Транспорт каражаттарын техникалык кароодон өткөрүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 3-июлу № 443 токтомдун редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына" деген сөздөр менен алмаштырылсын ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелген: Транспорт каражаттарын техникалык кароодон өткөрүү тартиби жөнүндө жобо бекитилсин.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 12-мартындагы № 135 "Механикалык транспорт каражаттарын жана чиркегичтерди мамлекеттик техникалык кароодон өткөрүү эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 17-августундагы № 622 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 44-пункту.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

                                                           Ж.Сатыбалдиев