Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык  КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

2013-жылдын 27-майы № 282

"Жарнак жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына "өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Д.А.Ниязалиева тарабынан демилгеленген "Жарнак жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жактырылсын.

2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жөнөтүлсүн.

Премьер-министр

Ж.Сатыбалдиев

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2013-жылдын 27-майындагы

№ 282 токтому менен

жактырылган

 

"Жарнак жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү

тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долборуна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

КОРУТУНДУСУ

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Д.А.Ниязалиева тарабынан демилгеленген "Жарнак жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун карап чыгып, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесин жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төмөнкүдөй корутундуга келди.

Бул мыйзам долбоору менен "социалдык жарнак", "мамлекеттик жарнак" сыяктуу жарнактардын түрлөрүн киргизүү сунушталган. Ал эми Кыргыз Республикасынын "Жарнак жөнүндө" Мыйзамы Кыргыз Республикасындагы товарлар, жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр базарларында, анын ичинде баалуу кагаздар базарларында, банктык, камсыздоочу жана башка кызмат көрсөтүүлөрдүн базарларында жарнак чыгаруу, жайгаштыруу жана таратуу процессинде жеке жана юридикалык жактардын акча каражаттарын пайдаланууга байланыштуу келип чыгуучу мамилелерди жөнгө салат.

Ошондой эле мыйзам долборунда мамлекеттик жана муниципалдык жарнак таратуучулар, мындан тышкары коомдук, мамлекеттик жана муниципалдык жалпыга маалымдоо каражаттары социалдык жарнакты акысыз таратышаары каралган. Бул болсо мыйзам долбоорунун кабыл алынышы республикалык бюджеттин эсебинен кошумча сарптоолорду жаратышы мүмкүн дегендик.