Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 30-майы № 302
Айыл аймактарынын жана шаарлардын жергиликтүү бюджеттеринен каржылануучу билим берүү уюмдарын Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин аймактык бөлүмдөрү аркылуу республикалык бюджеттен каржылоого которуу жөнүндө
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 5-июнундагы № 315, 2014-жылдын 29-декабрындагы № 745, 2015-жылдын 8-майындагы № 281, 2015-жылдын 13-июлундагы № 482, 2017-жылдын 18-сентябрындагы № 586, 2017-жылдын 28-декабрындагы № 843, 2018-жылдын 24-июлундагы № 342, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264, 2022-жылдын 30-мартындагы №181, 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675, 2026-жылдын 29-январындагы № 34 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
"Билим берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 43 жана 44-беренелерине ылайык, жалпы билим берүү уюмдарын бюджеттик каржылоонун ченемдеринин негизинде билим берүү секторунда мамлекеттик чыгымдарды башкаруу тутумун андан ары өркүндөтүү жана финансылык ресурстарды натыйжалуу пайдаланууну камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 24-июлундагы № 342 токтомунун редакциясына ылайык)
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бишкек шаарынын билим берүү уюмдарын кошпогондо, айыл аймактарынын жана шаарлардын жергиликтүү бюджеттеринен каржылануучу мамлекеттик билим берүү уюмдарынын окуу жана тарбия процесстерин камсыздоого чыгымдарды каржылоо 2013-жылдын 1-августунан тартып Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин райондук жана шаардык бөлүмдөрүнүн (башкармалыктарынын) борбордоштурулган бухгалтериялары аркылуу республикалык бюджеттен каржылоого которулсун.
2. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- Райондук (шаардык) билим берүү бөлүмүнүн (башкармалыгынын) борбордоштурулган бухгалтерияларынын типтүү штаттары;
- (үчүнчү абзац КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-январындагы № 34 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- (төрчүнчү абзац КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-январындагы № 34 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- (бешинчи абзац КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 8-майындагы № 281 токтомуна ылайык күчүн жоготту);
- Ченемдик каржылоонун механизми жайылтылбаган Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү уюмдарынын тизмеги.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 5-июнундагы № 315, 2015-жылдын 8-майындагы № 281, 2018-жылдын 24-июлундагы № 342 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
3. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
4. (КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 20-сентябрындагы N 563 "Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарын каржылоонун жан башына принцибине которуу жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
аталышында жана бүткүл текст боюнча "жан башына" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "ченемдик" деген сөзгө алмаштырылсын;
- 1-пунктунда:
1-пунктунун экинчи жана үчүнчү абзацтары күчүн жоготту деп табылсын;
1-пунктунун төртүнчү жана бешинчи абзацтары 2013-жылдын 1-августунан тартып күчүн жоготту деп табылсын;
- 5-пункту күчүн жоготту деп табылсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Жалпы билим берүүчү уюмдарда кошумча билим берүү кызматтары жөнүндө жободо:
бүткүл текст боюнча "жан башына" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "ченемдик" деген сөзгө алмаштырылсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Ош, Жалал-Абад, Нарын жана Талас облустарынын, Бишкек жана Ош шаарларынын жалпы билим берүүчү уюмдарын бюджеттик каржылоонун жан башына принцибине которуу графигинде:
аталышында "жан башына" деген сөздөр "ченемдик" деген сөзгө алмаштырылсын;