Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 4-майындагы № 250 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2013-жылдын 27-июну № 381

Буудай унунун импорттолушун териштирүү жана убактылуу

 коргоо чараларын киргизүүнү баштоо жөнүндө

 

(КР Өкмөтүнүн

2013-жылдын 21-ноябрындагы № 631, 2014-жылдын 11-январындагы № 20

токтомунун редакциясына ылайык)

 

"Коргоо чаралары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, Кыргыз Республикасынын аймагына буудай унун ташып келүүнүн көбөйгөндүгүнөн ата мекендик өндүрүүчүлөргө олуттуу зыян алып келүү коркунучу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин алдын ала бекитилген аныктоолорунун негизинде, ошондой эле ички рынокто бирдей атаандаштык шартты түзүү, экономикалык кырдаалды турукташтыруу жана ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 21-ноябрындагы № 631 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

2. Териштирүү жол-жобосу аяктаганга чейин бул токтомдун тиркемесинде көрсөтүлгөн товарларды импорттоого ставкалар боюнча убактылуу коргоочу алымдар түрүндө убактылуу коргоочу чаралар жети айлык мөөнөткө киргизилсин.

(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 21-ноябрындагы № 631, 2014-жылдын 11-январындагы № 20 токтомунун редакциясына ылайык)

3. Тизмеде көрсөтүлгөн убактылуу коргоочу алымдардан түшкөн акча каражаттары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү коргоочу чараларды колдонуу жөнүндө акыркы чечимди кабыл алганга чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын тиешелүү депозиттик эсебине чегерилери белгиленсин.

4. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен бирдикте белгиленген тартипте Евразиялык экономикалык коомчулуктун Интеграциялык комитетине, Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигинин Аткаруу комитетине жана ДСУнун коргоо чаралары боюнча комитетине, Кыргыз Республикасындагы Казакстан Республикасынын элчилигине Кыргыз Республикасынын териштирүүнү жана убактылуу коргоо чараларын колдонууну баштагандыгы жөнүндө кабарласын.

5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 20 күндүн ичинде күчүнө кирет.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

 

Ж. Сатыбалдиев

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 27-июнундагы № 381 токтомуна тиркеме

 

Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келүүчү, аларга карата териштирүү жол – жобосу

 демилгеленген жана убактылуу коргоо алымдары киргизилип жаткан товарлардын

ТИЗМЕГИ

 

(КР Өктмөтүнүн 2014-жылдын 11-январындагы № 20 токтомунун редакциясына ылайык)

Продукциянын аталышы

ЕврАзЭКтин ТЭИ

ТН боюнча коду

Убактылуу коргоочу

Алымдардын ставкасы

(бажылык наркынан %

менен же сом менен)

   Буудай уну:

 

 

- катуу буудайдан жана

1101 00 110 0

1 кг үчүн 3 сом

- жумшак буудайдан жана спельтадан

1101 00 150 0

1 кг үчүн 3 сом