КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2013-жылдын 29-июлу № 428
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы ушул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу
1-берене.
"Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1998-ж., № 8, 248-ст.) төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 24-статьяда:
төмөнкү мазмундагы 1-1-бөлүк менен толукталсын:
"1-1. Кыргыз Республикасында чыгарылган, алынып келинген жана пайдаланылып жаткан жерде жүрүүчү бардык транспорт каражаттары "Жерде жүрүүчү транспорт каражаттарынын коопсуздугу боюнча Кыргыз Республикасынын Техникалык регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык мамлекеттик каттоодон өтүүгө тийиш.".