Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы № 131 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2013-жылдын 1-августу № 441

"Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин  жана "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз  Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча  чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 257-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 98, 242, 255, 257, 258, 280, 281, 287 жана 295-беренелеринин жана "Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 735 токтомуна төмөнкү толуктоолор киргизилсин:

- жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Майыптар үчүн адистештирилген товарлардын тизмеси төмөнкү позициялар менен толукталсын:

"

┌────────────────┬────────────────────────────────────────────────────┐

│8471 80 000 0   │8530 10 000 0 товардык позициядан азиз жөө          │

│                │жүрүүчүлөр үчүн үндүк коштоо түзүлүшүнө             │

│                │радиоадаптер <1>                                    │

├────────────────┼────────────────────────────────────────────────────┤

│8530 10 000 0   │Азиз жөө жүрүүчүлөр үчүн үндүк коштоо түзүлүшү <1>  │

└────────────────┴────────────────────────────────────────────────────┘

".

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Премьер-министри

 

Ж.Сатыбалдиев