Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык  КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

2013-жылдын 5-сентябры № 476

"Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлоруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары И.К.Гусаров жана З.И.Бекбоев тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлоруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.

2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жөнөтүлсүн.

Премьер-министри

Ж.Сатыбалдиев

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-сентябрындагы № 476 токтому менен жактырылган

 

"Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлоруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

КОРУТУНДУСУ

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары И.К.Гусаров жана З.И.Бекбоев тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлорун карап чыгып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төмөнкүдөй корутундуга келди:

Каралып жаткан мыйзам долбоорлору оюн-зоок ишин жүргүзүүнү кайра кайтаруу үчүн укуктук талааны түзүү максатын көздөйт.

"Кыргыз Республикасындагы оюн-зоок иши жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун демилгелөө зарылдыгын жаратат, башкача айтканда, оюн-зоок ишин кайрадан баштоого негиз салуучу мыйзам долбоору болуп саналат.