Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2013-жылдын 9-сентябры № 493
"Керек-жарак кооперативи жөнүндө" жана "Кооперативдер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоорлоруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Э.Б.Жумалиева, К.К.Исаев, К.Т.Туманов, Б.Э.Төрөбаев, А.Б.Баатырбеков, А.М.Режавалиев, Э.Б.Исаков, М.Б.Тиленчиева, У.А.Аманбаева тарабынан демилгеленген "Керек-жарак кооперативи жөнүндө" жана "Кооперативдер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоорлоруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
Премьер-министри | Ж.Сатыбалдиев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 9-сентябрындагы № 493 токтому менен жактырылган |
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Э.Б.Жумалиева, К.К.Исаев, К.Т.Туманов, Б.Э.Төрөбаев, А.Б.Баатырбеков, А.М.Режавалиев, Э.Б.Исаков, М.Б.Тиленчиева, У.А.Аманбаева тарабынан демилгеленген "Керек-жарак кооперативи жөнүндө" жана "Кооперативдер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоорлорун карап чыгып, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесин жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү төмөнкү корутундуга келди.
1. Мыйзам долбоорлорунун мазмуну боюнча:
"Керек-жарак кооперативи жөнүндө" мыйзам долбоорунда керек-жарак кооперативдерин укуктук жөнгө салуу маселелерин регламенттөө сунушталууда. Мында "Керек-жарак кооперативи жөнүндө" Мыйзам долбоорунун 1-беренесине жана "Кооперативдер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорунун 1-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, керек-жарак кооперативи деп жеке жактардын же юридикалык жана жеке жактардын ыктыярдуу мүчөлүгүнүн жана өз ара жардамдашуусунун негизинде жалпы жана жеке максаттарды, социалдык, маданий жана башка керектөөлөрдү канааттандырууга багытталган иштерди жүзөгө ашыруу үчүн демократиялык биригүүсүн түшүнүүгө болот.
Ушуга байланыштуу Граждандык кодекстин 152-беренесине ылайык кооператив бул жарандардын жана юридикалык жактардын мүчөлүгүнүн негизинде уставда каралган биргелешкен чарбалык жана башка ишти демократиялык башталышта уюштуруу жолу менен өздөрүнүн материалдык жана башка керектөөлөрүн канааттандыруу максатында ыктыярдуу биригүүсүн жана анын мүчөлөрү тарабынан пайлык мүчөлүк акыларды бириктирүүнү түшүндүрөөрүн белгилей кетүү керек.