Загрузка документа…
| (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 23-сентябрындагы № 519 токтому менен бекитилген) |
Кыргыз Республикасында автоунаа транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууларды уюштуруунун
ЭРЕЖЕЛЕРИ
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 7-июлундагы № 374, 2016-жылдын 28-апрелиндеги № 220, 2016-жылдын 2-сентябрындагы № 480, 2018-жылдын 20-февралындагы № 105, 2019-жылдын 7-октябрындагы № 521, 2020-жылдын 22-апрелиндеги № 212, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы № 401, 2022-жылдын 18-ноябрындагы № 644, 2023-жылдын 10-февралындагы № 55, 2024-жылдын 12-апрелиндеги № 178, 2025-жылдын 28-августундагы №535, 2025-жылдын 3-декабрындагы № 772, 2026-жылдын 13-февралындагы № 97 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасында автоунаа транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууларды уюштуруунун бул эреже (мындан ары - Эрежелер) жүргүнчүлөрдү ташууларды уюштуруунун негизги принциптерин менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыгына карабастан автоунаа транспортунун бардык субъекттеринин карым-катыш тартибин, транспорт, жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ара мамилелерин белгилейт.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18-ноябрындагы № 644 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Эрежелер Кыргыз Республикасынын аймагында жүргүнчүлөрдү ташуу чөйрөсүндө ишкердикти жүзөгө ашырган автоунаа транспортунун бардык субъекттерине, анын ичинде каттамы Кыргыз Республикасынын аймагынан өтүүчү эл аралык жүргүнчүлөрдү ташууну ишке ашырган ташуучуларга, ошондой эле транспорт, жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына тиешелүү.
Автоунаанын огуна карата рулдук дөңгөлөгү оң тарабында жайгашкан автоунааларды жүргүнчүлөрдү, жол жүктөрдү жана жүктөрдү коммерциялык ташуу үчүн пайдаланууга тыюу салынат.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 18 ноябрындагы № 644, 2025-жылдын 28-августундагы №535 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
3. Бул Эрежелер:
- автобустук (троллейбустук) каттамдарды уюштуруу маселелерин;
- байма-бай автобустук каттамдарды тейлөө конкурстарын (тендерлерин) уюштуруу жана өткөрүү маселелерин;
- станциялык курулмалардын жүргүнчүлөргө, ташуучуларга кызмат көрсөтүүдө жана жүргүнчүлөрдү ташууда тийиштүү ыйгарым укуктуу органдар менен өз ара аракеттенүү маселелерин;
- жеңил автоунаа-таксилер менен жүргүнчүлөрдү ташууларды уюштуруу тартибин;
- автотранспорт менен жүргүнчүлөрдү жана жол жүктөрдү ташууларды уюштуруу тартибин;
- эл аралык карым-катышта жүргүнчүлөрдү жана жол жүктөрдү ташууларды уюштуруу маселелерин;
- жүргүнчүлөр автотранспортунун ишине карата пайдаланылган жана коюлган түшүнүктөрдү, негизги ченемдик жана сапаттык көрсөткүчтөрдү аныктайт.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 7-июлундагы № 374, Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы № 401 токтомдорунун редакцияларына ылайык)