Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2013-жылдын 3-октябры № 553
«Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине толуктоо жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын юстиция министри аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Ж. Сатыбалдиев |
1-берене.
Кыргыз Республикасынын администрациялык жоопкерчилик жөнүндө Кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1999-ж., № 2, 77-б.) төмөнкү толуктоо жана өзгөртүү киргизилсин:
1. 400³-статьянын 2-бөлүгүнүн биринчи абзацы «туура эмес» деген сөздөн кийин «же толук эмес» деген сөздөр менен толукталсын.
2. 415-статья төмөнкү редакцияда берилсин: