Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2013-жылдын 18-октябры № 561

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине толуктоолорду киргизүү жөнүндө

(Кр Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-октябрындагы № 233 токтомунун редакциясына ылайык)

 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 31-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизилген мыйзам долбоорлорун сунуштоого укуктуу болгон кызмат адамдарынын тизмесин аныктоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. (Кр Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 28-октябрындагы № 233 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 24-октябрындагы № 748 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам долбоорлоо иштеринин регламентин бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мыйзам долбоорлоо иштеринин Регламентинде:

5-пункт «Өкмөт тарабынан дайындалуучу» деген сөздөрдөн кийин «министрлерден, мамлекеттик комитеттердин төрагаларынан, администрациялык ведомстволордун жетекчилеринен, башка мамлекеттик органдардын жетекчилеринен же алардын биринчи орун басарларынан, статс-катчыларынан, орун басарларынан турган» деген сөздөр менен толукталсын.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Премьер-министр

Ж.Сатыбалдиев