Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 236 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

ТОКТОМ

2013-жылдын 11-ноябры № 615

Бир айдагы минималдуу эсептик кирешенин өлчөмүн аныктоо тартиби  жөнүндө жобону бекитүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 163-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык киреше салыгын эсептөөдө пайдаланылуучу минималдуу эсептик кирешенин өлчөмүн аныктоо максатында жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Тиркелген кийинки календардык жылга карата Бир айдагы минималдуу эсептик кирешенин өлчөмүн аныктоо тартиби жөнүндө Жобо бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетине жыл сайын, 1-июлдан кеч эмес мөөнөттө, орточо айлык эмгек акысынын деңгээли жалпысынан өлкө боюнча орточо айлык эмгек акынын деңгээлинен 50 пайызга жогору болгон ишканалардын жана уюмдардын маалыматтарын эске албастан, Кыргыз Республикасынын райондору жана шаарлары боюнча орточо айлык эмгек акы жөнүндө маалыматты ыйгарым укуктуу салык органына берип туруу сунушталсын.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

Премьер-министри

 

Ж.Сатыбалдиев