Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
2013-жылдын 28-ноябры № 646
«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Рсспубликасынын Мыйзам долбоору тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык бул мыйзам долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен суралсын.
Кыргыз Республикасынын экономика министри аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр | Ж. Сатыбалдиев |
1-берене
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жарчысы, 2008-ж., № 8, 922-6) төмөнкү толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 4-берененин 2-бөлүгү төмөнкү мазмундагы 21-пункт менен толукталсын:
"21) "Преференциалдуу региондор"- баалоо критерийлери жана тизмеси Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган райондор.".