Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
ТОКТОМ
2013-жылдын 30-ноябры № 648
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык
коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын кызматкерлеринин ведомстволук
форма кийимдери жана айырмалоо белгилери жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 3-декабры № 829 , Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 8-сентябрындагы № 456
токтомдорунун редакциясына ылайык)
Атайын жана ведомстволук форма кийимдерин кийүүнү тартипке салуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүн караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын кызматкерлеринин ведомстволук форма кийимдеринин жана айырмалоо белгилеринин тиркелген сүрөттөлүшү бекитилсин.
2. (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 3-декабры № 829 токтомуна ылайык кγчγн жоготту)
3. (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023- жылдын 8-сентябрындагы № 456 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр
| Ж. Сатыбалдиев |
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 30-ноябрындагы № 648 токтому менен бекитилген
|
Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекторлордун (мындан ары - мамлекеттик инспекторлор ) форма кийимдери төмөнкудөй төрт комплектиден турат:
- сый кийим;
- кунумдук;
- талаачылык;