Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык  КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

2013-жылдын 19-декабры № 686

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 4-майындагы № 275 "Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча программанын алкагында курулган турак жайды Кыргыз Республикасынын жарандарына берүү тартиби жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу

Ош шаарында, Ош жана Жалал-Абад облустарында 2010-жылдын май, июнь окуяларында, ошондой эле 2010-жылдын апрель окуяларында жабыр тарткан Кыргыз Республикасынын жарандарын социалдык колдоо максатында "2010-жылдын апрель-июнунда болуп өткөн окуялардын натыйжасында курман болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн жана жабыр тарткан адамдарды социалдык коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 4-майындагы № 275 "Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча программанын алкагында курулган турак жайды Кыргыз Республикасынын жарандарына берүү тартиби жөнүндө" токтомуна төмөнкү толуктоо киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча программанын алкагында курулган турак жайдан алууга укугу бар Кыргыз Республикасынын жарандарынын категорияларынын Тизмесинин 3-пункту төмөнкү мазмундагы төртүнчү абзац менен толукталсын:

"- Ош шаарында, Ош жана Жалал-Абад облустарында 2010-жылдын май-июнундагы кайгылуу окуялардын, ошондой эле 2010-жылдын апрель окуяларынын кесепетинен ок тийүүнүн натыйжасында анча оор эмес жаракат жана мертинүү алган, 2011-жылдын 31-декабрына чейин соттук-медициналык экспертизадан өткөн, 2010-жылдын апрель айына чейин турак жай бөлүштүрүлгөн жерде жашаган жарандар;".

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министри

 

Ж.Сатыбалдиев